Алдамчылар гипноз колдонобу же психологиялык басымбы?
Телефон жана интернет аркылуу жасалган алдамчылык учурлар али күнчө курч бойдон калууда. Мурда жабыркагандардын көбү пенсионерлер болсо, азыр жогорку билимдүү бухгалтерлер, мамлекеттик кызматкерлер, ал тургай банк кызматкерлери өздөрү да алданып жатышат. Ушундан улам, алдамчылар ишенчээк жарандардан бир нече кадам алдыда келе жаткандыгын моюнга алып, “алданбайм” - деп, кепилдик берүүгө да болбой калды.
Эмне үчүн тажрыйбалуу жана сак жүргөн адамдар дагы алданып жатышат? Алдамчылар чындап эле гипнозду колдонушабы? Жакыныбыздын алданганын кантип байкасак болот? “Ишкер медиа” ушул жана башка суроолордун жообун издеп көрдү.
Алдамчылар биринчи сиздин ишенимиңизди уурдайт
Психологдордун айтымында, алдамчылар биринчи кезекте сиздин акчаңызды эмес, ишенимиңизди уурдайт. Алдамчылар техникалык жактан эмес, психологиялык жактан күчтүү келишет. Алар адамдын коркуу, шашылуу жана жоопкерчилик сезимдерин пайдаланышат. Психолог Гульнура Жумалиеванын айтымында, көпчүлүк учурда “мен алданбайм” деп ойлогон адамдардын тузакка түшүүсү, алдамчылардын “профессионалдуу” өсүп жатканынан кабар берет.
“Психологиялык басымды колдонушат. Анткени адамдын табиятын жакшы түшүнүшөт. Алар адамдын коркуу сезимин, шашылыш чечим кабыл алуусун же “жеңил акча” табуу каалоосун мыкты колдонушат. Чалган адам өзүн банктын адиси, коопсуздук кызматкери же мамлекеттик органдардын өкүлү катары көрсөткөндө, адам автоматтык түрдө ишеним көрсөтүп калат. Бул жерде адамдын билим деңгээли эмес, анын ошол учурдагы эмоциялык абалы маанилүү”- дейт Гульнура Жумалиева.
Гипноздун жардамы менен өткөн "жашыруун операция"
Өз атын атагысы келбеген Бишкек шаарынын тургуну, жергиликтүү мектептердин биринин мугалими дал ушундай эмоциялык алданууга кабылган. Айтымында, эртең менен уюлдук телефонуна мектептин директору чалып “Азыр УКМКдан сени издеп келишти. Кредит алып төлөбөй качып жүргөн экенсиң. Айткандарын аткар, төлөп койбосоң чоң жаңжаал чыкканы турат”- деп, УКМК менен кызматташуу талабын койгон.
“Директордун номери да, үнү да даана өзүнүкү болду. Мен эсимди жыйганча эле, УКМКнын өкүлү, андан кийин Улуттук банктын өкүлү чалып баштады. Кайсыл жакта экенимди жанымда ким бар экенин сурап, “сиз мамлекеттик сырдуу операцияга кирип калдыңыз, эч кимге айтпаңыз” деген талапты коюп, шашылыш түрдө 3 банкка барып, кредит алып, “жашыруун эсепке” салууга багыт беришти. Жада калса үйүмдүн алдына такси жөнөтүштү. Ошол такси менен айтылган банктарга барып, кредит алдым. Андан соң акчаны көрсөтүлгөн эсептерге которуп бердим”- дейт, 1 күндө 3 банкка барып 700 000 сом кредит тариздеп жетишкен, Бишкектик мугалим.
Айтымында, ошол "жашыруун операция" гипноздун жардамы менен болгонсуду. Коюлган талап боюнча окуя тууралуу эч кимге айтпай, “эрдик кылып, мамлекеттик операцияга катыштым” деген ой менен 1 айдан ашык тынч эле жүрө берген. 1 айдан кийин гана кредитти төлөө керектиги, туумдар эсептеле баштагандыгы тууралуу банктан билдирүү келгенде, мугалим эже алдамчылардын “курмандыгы” болгонун түшүнгөн.
“Жолдошума да, балдарыма да айткан эмесмин, шыр эле директорго бардым. “Сиздин талабыңыз боюнча мен УКМК менен кызматташып, ушул абалга келдим” - деп баарын айтып бердим. Директор болсо “мен сага чалган эмесмин” деп, менин алданып калганыма таң калды. Сындагандай да болду. Мен бул окуядан кийин депрессияга түштүм, өзүмдүн ишенчээктигиме нааразыландым. Дагы жакшы жолдошум колдоо көргөзүп, албаган акчабыз үчүн азыр кредит төлөөгө жардам берип жатат”- деп өкүнүчүн билдирди, жабырлануучу.
Чарчаган адам “автопилот” сыяктуу
Психологдун айтымында, биздин менталитетте “бирөөнүн сөзүн жерде калтырбоо” деген жакшы сапаттар бар. Тилекке каршы, алдамчылар ушул сый-урматты сактаган, ак пейил, жоопкерчиликтүү адамдардын ишениминен көп пайдаланып жатышат.
“Адистер мисалы, бухгалтерлер, мамлекеттик кызматкерлер күнүмдүк иштин агымында өтө көп маалымат менен иштешет. Чарчаңкы учурда, мээ толук кандуу текшерүү жүргүзө албай, “автопилот” режиминде иштеп калат. Алдамчылар дал ушул адамдардын “бошоң” турган учурун же ишин талдап чыгып, ошол убакта чалышат” – дейт психолог Гульнура Жумалиева.
Адистин айтымында, мындай учурда жабырлануучу кадимки логикалык ой жүгүртүүдөн убактылуу алыстап коркуу, тынчсыздануу сезими күчөгөндө маалыматты сын көз менен баалай албай калат. Андыктан, жакындардын жүрүм-турумуна көңүл бура жүрүү маанилүү. Эгер адам күтүүсүздөн тынчсызданып, бөлмөгө жалгыз кирип алып белгисиз бирөөлөр менен сүйлөшүп, акча маселеси тууралуу сырдуу сүйлөй баштаса, ал психологиялык басымга кабылып жаткан болушу мүмкүн.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2025-жылы өлкөдө 33 миңден ашуун кылмыш иши козголсо, анын 1547си киберкылмыштарга тиешелүү болгон. Ал эми 2026-жылдын алгачкы үч айында эле 1140 киберкылмыш катталып, өткөн жылдын көрсөткүчүнө жеткени калды жана жыл аягына чейин бир нече эсе көбөйүшү мүмкүндүгүн айтышууда.
“Алдамчылар башкаларга салыштырмалуу IQсу жогору өнүккөн болушат. Жалгыз иштебей, уюшкан топ болуп иш алып барышат. Көбүнчө алдоодогу чалуулар банк өкүлдөрүнөн, УКМК, ИИМден, же кайрымдуулукка акча чогултуу, тааныштардан смс билдирүү жиберүү, латорея ойнотуулар ж.б. болушу мүмкүн. Кезектеги курмандыкты адаштырып жатканда бир эле кезекте бир нече ишке тартылышып, ар кайсыл мамлекеттик мекеменин өкүлү болуп өздөрүн тааныштыра беришет. Көпчүлүк жабырлануучулар “гипнозго түшүп калдык” деп ойлошот. Бирок бул гипноз эмес, алдамчынын ынындыра билген өзгөчө күчү болуп саналат” – деп билдиришти, ИИМдин Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлдөрү.
Ал эми Улуттук банктын өкүлдөрү эң оболу жөнөкөй эрежелерди сактоону сунушташат. Ага ылайык, телефон аркылуу келген көрсөтмө боюнча акча которбоо, белгисиз шилтемелерге кирбөө, добуш берүү, утуш жана сынак тууралуу күмөндүү билдирүүлөргө ишенбөө керек. Эгер кимдир бирөө өзүн банк кызматкери катары тааныштырса, сүйлөшүүнү токтотуп, банктын расмий номерине өзүңүз кайра чалганыңыз туура.