Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди каттай баштады

Кыргыз темир жолу бүгүнтөн тарта Бишкек-2 — Балыкчы багыты боюнча жүргүнчү поезди кайрадан каттай баштаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, поезддин жүрүшү жайкы эс алуу мезгилинде жарандарга жана өлкө конокторуна Ысык-Көлгө ыңгайлуу жана коопсуз жетүүгө шарт түзөт.

Каттамдын иш тартиби:

5-июндан 21-июнга чейин поезд жума, ишемби жана жекшемби күндөрү жүрөт;
26-июндан 13-сентябрга чейин каттам күн сайын жүргүзүлөт.

Поезддин курамында 16га чейин вагон каралган. Анын ичинде кадимки облустар аралык вагондор, “люкс” класстагы вагондор, VIP-вагондор жана VIP-купелер бар.

Билет баалары:

Облустар аралык вагондордо жол кире:

  • накталай төлөмдө — 180 сом;
  • накталай эмес төлөмдө — 150 сом.

5 жаштан 10 жашка чейинки балдар үчүн:

  • накталай төлөмдө — 90 сом;
  • накталай эмес төлөмдө — 73 сом.

“Люкс” вагондорунда:

  • чоңдор үчүн — 600 сом (накталай) жана 500 сом (карта аркылуу);
  • балдар үчүн — 300 сом жана 250 сом.

VIP-вагондордо:

  • чоңдор үчүн — 1000 сом же 800 сом;
  • балдар үчүн — 500 сом же 400 сом.

Поезд каттамы сентябрдын ортосуна чейин уланары айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media