Борбор Азия өлкөлөрү жашыл экономика маселелерин талкуулашты

Борбор Азия өлкөлөрү жашыл экономика маселелерин талкуулашты

Самаркандда өтүп жаткан Глобалдык экологиялык фонддун 8-Ассамблеясынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле Глобалдык экологиялык фонд, БУУнун Өнүктүрүү программасы жана эл аралык өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Талкуунун жүрүшүндө ГЭФ-9 программасынын алкагында ак илбирсти жана башка жапайы жаныбарларды сактоо, тоо экосистемаларын коргоо, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу маселелери каралды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргызстан ак илбирсти жана анын жашоо чөйрөсүн сактоо боюнча эл аралык демилгелерде активдүү роль ойноп келе жатканын белгиледи.

Анын айтымында, өлкө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын кеңейтүүгө, жапайы жаратылышка мониторинг жүргүзүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө жана жергиликтүү жамааттарды жаратылышты коргоо иштерине тартууга өзгөчө көңүл бурууда.

Жыйындын жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча кызматташтыкты күчөтүүгө кызыкдар экенин билдирген документке кол коюшту.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media