Юридикалык сабаттуулук: Кыргызстанда акысыз юридикалык жардамды кантип алууга болот?

Юридикалык сабаттуулук: Кыргызстанда акысыз юридикалык жардамды кантип алууга болот?

Укуктук маселе жаралганда көпчүлүк жарандар кайда кайрылууну жана акысыз юридикалык жардам алуунун жолдорун биле беришпейт. Ошол эле учурда Кыргызстандын мыйзамдары ар бир адамга юридикалык жардам алуу укугун кепилдейт. КРнын Конституциясынын 61-беренесине ылайык, ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Ал эми мыйзамда каралган учурларда мындай жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

“Ишкер Медиа” бул ирет Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам жана укуктук агартуу башкармалыгынын маалыматына таянып, жарандар кандай учурларда жана кандай тартипте акысыз юридикалык жардам ала аларын талдап көрдү.

Кимдер акысыз юридикалык жардам ала алат?

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамга ылайык, төмөнкү адамдар жардам алууга укуктуу:

-        Кыргыз Республикасынын жарандары;

-        жарандыгы жок адамдар;

-        качкындар;

-        чет өлкөлүк жарандар.

Юридикалык жардамдын кандай түрлөрү бар?

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам үч түрдө көрсөтүлөт:

1. Консультациялык-укуктук жардам - бул жардам жарандарга мыйзамдарды түшүндүрүүнү, укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат берүүнү, укуктук маселелер боюнча кеңеш берүүнү жана укуктук документтерди даярдоого көмөктөшүүнү камтыйт.

Мындай жардамды акысыз негизде төмөнкүлөр ишке ашырат:

-        мамлекеттик органдар жана ведомстволук мекемелери;

-        жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

-        ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү;

-        адвокаттар, адвокаттардын жардамчылары;

-        коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар;

-        юридикалык клиникалар жана көмөкчү юристтер.

Консультациялык укуктук жардам алуу үчүн жарандан кирешеси тууралуу маалымкат же башка кошумча документтер талап кылынбайт.

2. Квалификациялуу юридикалык жардам – реестрге киргизилген жана ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмү менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан жүргүзүлөт. Ал кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштерде жана укук бузуулар боюнча сот өндүрүшүнүн бардык баскычтарында адамдын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камтыйт.

Мындай жардам атайын белгиленген тартипте көрсөтүлөт. Аны алууда жарандын кирешеси жана социалдык абалы эске алынат. Ошол эле учурда I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдарга кирешесине карабастан мамлекет тарабынан акысыз квалификациялуу юридикалык жардам берилет.

3. Медиациялык жардам – бул талаш-тартыштарды жана чыр-чатактарды сотко чейин же сот процессинин жүрүшүндө медиатордун жардамы менен тынчтык жолу аркылуу жөнгө салуу процесси. Медиатор талашып жаткан тараптардын ортосунда бейтарап ортомчу катары катышып, эки тарап үчүн тең пайдалуу чечим табууга жардам берет. Медиация убакытты үнөмдөөгө, соттук чыгымдарды азайтууга жана тараптардын мамилесин сактап калууга мүмкүнчүлүк берет.

Онлайн укуктук кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү

Учурда юридикалык жардам көрсөтүү системасы толугу менен санариптештирилген. Жарандар Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын расмий сайты аркылуу онлайн консультация ала алышат.

Бул үчүн сайттагы "Онлайн консультация" бөлүмүнө кирип, өз суроосун жөнөтүү жетиштүү. Адистер кайрылууну карап чыгып, жооп беришет. Ошондой эле укуктук кеңешке муктаж болгон жарандар 114 кыска номерине чалып кайрыла алышат. Түз байланыш кызматы иш күндөрү гана иштейт жана өлкөнүн бардык аймактарынан жеткиликтүү.

Адистердин айтымында, акыркы жылдары онлайн консультацияларга болгон суроо-талап өсүүдө. Ошондуктан укуктук маселелер жаралганда аны кечиктирбей адистер менен талкуулап, мыйзамдуу жардам алуу мүмкүнчүлүгүн пайдалануу маанилүү.

Мындан тышкары окуңуз

6 медициналык колледж аккредитациядан өткөн жок

6 медициналык колледж аккредитациядан өткөн жок

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Кыргызстанда биринчи жолу медициналык колледждер мамлекеттик аккредитациядан өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкү окуу жайлар аккредитациядан өтпөй калган.   №1 Медико-фармацевтикалык колледжи;  Ысык-Көл медициналык-стоматологиялык колледжи; Кочкор-Ата регионалдык колледжи;  Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин илимий-өндүрүштүк комплекси (“Медайымдык иш», «Дарылоо иши”

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Бишкек жана Чүйдө катуу шамал болушу мүмкүн

Жакынкы үч саат аралыгында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болушу күтүлөт. ӨКМдин маалыматына ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15 – 20 метрге чейин жетиши мүмкүн. Жарандарды этият болуп, мүмкүн болгон аба ырайынын кескин өзгөрүшүн эске алуу сунушталат. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер

2025-жылы жол кырсыгынан 900 адам каза болгон

2025-жылы жол кырсыгынан 900 адам каза болгон

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жетектеген делегация Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында өтүп жаткан жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу маселелери боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясынын жогорку деңгээлдеги жыйынына катышууда. Жыйындын пленардык отурумунда министр Кыргызстандын атынан расмий баяндама жасады. Бул тууралуу аталган минстрликтен билдиришти. Дамир Осмонов жарандардын өмүрүн сактоо жана

Соң-Көлдөн 9400 метр синтетикалык тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 9400 метр синтетикалык тор чыгарылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматы Соң-Көлдөн 9 миң 400 метр синтетикалык тор алып чыгышты. Тор мыйзамсыз балык уулоого колдонулган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка ылайык, көлдү синтетикалык торлордон тазалоо иштеринин алкагында суучулдар көлдө бир күн бою болуп, эки топко бөлүнүп күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда. Тазалоо иштери көлдүн түбүндө