Кара-Сууда мектеп, ооруканалар жана жол долбоорлору көзөмөлдөндү

Кара-Сууда мектеп, ооруканалар жана жол долбоорлору көзөмөлдөндү

5-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган эл өкүлдөрү Ош облусунун Кара-Суу районуна барып, билим берүү, саламаттык сактоо, ирригация жана жол тармагындагы бир катар социалдык объектилердин курулушу жана оңдолуп-түзөлүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында Зарбдар айылындагы №69 Чыңгыз Айтматов атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери каралды. 137 млн сомдук долбоор Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Ошондой эле 55 жыл мурда курулган Нариман аймактык ооруканасынын ордуна 200 млн сомдук жаңы оорукана куруу пландалып жатканы маалымдалды.

Мындан тышкары, Ош – Кара-Суу жолунун реконструкциясы, Зарбдар айылындагы ички жолдор жана Отуз-Адыр каналын жаңылоо долбоорунун жүрүшү талкууланды. Жалпы баасы 1,7 млрд сомдон ашкан ирригациялык долбоор аяктагандан кийин 13 миң гектардан ашуун жер сугат суу менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

Ошондой эле райондогу эски жана үч нөөмөттүү мектептердин абалы көтөрүлүп, жаңы билим берүү мекемелерин куруу зарылдыгы белгиленди.

Жумушчу сапардын соңунда жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өтүп, жол, таза суу, жер маселеси жана социалдык инфраструктура боюнча көйгөйлөр айтылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media