Кимдер дары-дармекти арзандатылган баада ала алышат?

Кимдер дары-дармекти арзандатылган баада ала алышат?

Кыргызстанда милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) системасында камсыздандырылган жарандар үчүн дары-дармек менен жеңилдетилген камсыздоо программасы иштейт. Бул программа аркылуу айрым дары-дармектерди дарыгердин рецепти менен арзандатылган баада сатып алууга болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө караганда, жеңилдиктен пайдалана ала турган жарандардын катарына пенсионерлер, 18 жашка чейинки балдар, күндүзгү бөлүмдө 21 жашка чейин окуган студенттер, социалдык жөлөк пул алуучулар, расмий иштеген жарандар, ММК полисин өз алдынча сатып алгандар, расмий катталган жумушсуздар жана аскер кызматкерлери кирет.

Жеңилдетилген рецептти алуу тартиби

Жеңилдетилген рецепт алуу үчүн жаран Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталган болушу керек. Эгер медициналык көрсөтмөлөр болсо, дарыгер ММКнын Кошумча программасына кирген дары-дармекке электрондук рецепт жазып, анын номерин берет.

Дарыканадан дары алуу үчүн рецепттин номерин жана ID-картадагы 14 орундуу жеке идентификациялык номерди (ПИН) көрсөтүү жетиштүү. Дары сатылган учурда фармацевт кассалык чек берүүгө жана дарыны колдонуу тартибин түшүндүрүүгө милдеттүү.

Жарандар жеңилдетилген рецепттерди тейлеген каалаган дарыканага кайрыла алышат. Мындай дарыканаларда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен кызматташуу тууралуу маалымат жана жеңилдетилген негизде берилүүчү дары-дармектердин тизмеси жайгаштырылат.

Кошумча суроолор жаралса, жарандар Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 ишеним телефонуна кайрылып, жазылган рецепттер, төлөнгөн каражаттар жана мамлекет тарабынан төлөнгөн компенсациялар тууралуу маалымат ала алышат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media