Ноокаттагы бала бакчанын жер титирөөгө туруктуулугу текшерилди

Ноокаттагы бала бакчанын жер титирөөгө туруктуулугу текшерилди

Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы Ноокат районунун Көк-Жар айылындагы бала бакчага инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү.

Маалыматка ылайык, текшерүүнүн максаты - Көк-Жар айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинин эски имаратынын учурдагы техникалык жана сейсмикалык абалын аныктоо.

Адистер имараттын долбоордук документтерин тыкыр изилдеп, курулуш сапатынын ишенимдүүлүгүн баалоо үчүн тиешелүү өлчөө иштерин жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мекеменин техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Мындан тышкары окуңуз

Өндүрүштү колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилет

Өндүрүштү колдоо максатында жеңилдетилген насыя берилет

2030-жылга чейинки Улуттук программанын негизинде өлкөдө өндүрүш тармагын өнүктүрүү, иштеп жаткан завод-фабрикалардын негизги фонддорун жаңылоо жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында арзан насыя берүү боюнча өкмөттүн тиешелүү токтомунун долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү билдирди. Маалыматка таянсак, бул демилгенин негизги багыты — иштеп жаткан

Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

Эл аралык автожүрүш жыйынтыкталды

22-26-июлда Кыргызстанда Тоолуу автомобиль жолдору боюнча өкмөттөр аралык жолчулар кеңешинин  IX Эл аралык автожүрүшү өткөрүлдү. Иш-чарага Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Беларусь Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Словакиянын жол тармагынын өкүлдөрү, эксперттер жана окумуштуулар катышты. Бул тууралуу  Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, автожүрүш Ош – Өзгөн

Мас абалда унаа башкаргандар 126 млн сомдон ашык айып пул төлөшөт

Мас абалда унаа башкаргандар 126 млн сомдон ашык айып пул төлөшөт

Мас абалында унаа башкаргандарга карата жаза күчөтүлгөнүнө карабастан, мындай мыйзам бузуулар токтой элек. 20-июндан тартып жаңы талаптар күчүнө киргенден кийинки бир ай ичинде өлкө аймагында 1500дөн ашуун мас айдоочу аныкталды. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, аларга карата 126 млн сомдон ашуун айып пул салынган. Ал эми 2026-жылдын алты

Самаркандда Оштун соода-экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Самаркандда Оштун соода-экономикалык багыттагы мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды

Ош шаарынын делегациясы Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн боордош шаарлардын эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти. Иш-чарага Өзбекстан, Кыргызстан, Түркия, Жапония, АКШ, Франция жана Орусиянын өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Форумдун алкагында Ош жана Наманган шаарларынын ортосунда соода-экономикалык, илимий-техникалык, билим берүү,