Кыргызстан менен Палестинанын футболдук беттеши болду

Кыргызстан менен Палестинанын футболдук беттеши болду

Кече күнү Кыргызстан менен Палестинанын улуттук курама командаларынын ортосундагы алгачкы жолдоштук футболдук беттеш болуп өттү. Ага Президент Садыр Жапаров барып, назар салды.

Спорттук иш-чара Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо ФИФАнын июнь күндөрүнүн жана Азия Кубогу-2027ге даярдык көрүү иштеринин алкагында өттү.

Мамлекет башчысы менен бирге КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Адылбек Касымалиев да оюнга барышты.

Таймаштын жыйынтыгында командалар оюнду 0:0 эсебинде аякташты. Эми курамалардын ортосундагы экинчи беттеш 9-июнда өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

7-июнь - Кыргызстандын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү

Жыл сайын 7-июнда Кыргыз Республикасында финансы-экономика чөйрөсүнүн кызматкерлери өздөрүнүн кесиптик майрамын белгилешет. Бул майрам финансы жана экономика тармагында эмгектенген кызматкерлерге таандык. Майрам өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө экономиканын бардык тармактарынын финансылык жана экономикалык кызматкерлеринин кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилөө максатында уюштурулган. Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүү чөйрөсүндө 900гө жакын у

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкектин басымдуу бөлүгү 1 саатка жарыксыз калды

Бүгүн Бишкек шаарында 110 кВ чыңалуудагы электр берүүчү линияларда авариялык өчүрүү катталып, анын кесепетинен борбор калаанын керектөөчүлөрүнүн басымдуу бөлүгү электр жарыксыз калды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, авариядан улам шаардын керектөөчүлөрүнүн болжол менен 70 пайызы электр энергиясы менен камсыздоодон 1 сааттан ашык убакытка ажыраган. Энергетика министрлигинин маалыматка ылайык, «Парковая» – «Ала-Арча» жогорку

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Кыргызстан менен ЕБ кызматташтыктын жаңы багыттарын талкуулашты

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, элчи Эдуардс Стипрайс менен жолугушуу өткөрдү. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты. Атап айтканда, экономика, инвестиция, транспорт жана энергетика тармактарындагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Бишкектеги “Ala-Too Trade & Industry Expo” көргөзмөсүнө 90дон ашык компания чогулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Ala-Too Trade & Industry Expo” эл аралык соода жана өнөр жай көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага Кыргызстандан, Россиядан, Өзбекстандан, Беларусьтан, Кытайдан жана Тажикстандан 90дон ашык компания катышып, өздөрүнүн өндүрүштүк