Баткенде баңгизат ташуу аракетине бөгөт коюлду

Баткенде баңгизат ташуу аракетине бөгөт коюлду

Баткен облусунда ири өлчөмдөгү баңги каражаттарын мыйзамсыз ташууга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Тажикстандан Өзбекстанга Баткен облусу аркылуу баңгизат ташып жүргөн уюшкан топтун ишмердүүлүгү тууралуу кабар түшкөн.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кадамжай районунда Hyundai Sonata унаасы токтотулуп, айдоочу кармалган. Тинтүү учурунда унаанын ичинен өзгөчө жыты бар зат салынган 10 таңгак табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында табылган зат гашиш экени аныкталып, анын жалпы салмагы 9 килограмм 908 граммды түзгөн.

Кармалган жаран Баткен районунун 1987-жылы туулган тургуну экени белгилүү болду. Учурда тергөө иштери уланууда.

Мындан тышкары окуңуз

Жөнөкөй, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү кызматы болгон Apple Pay эми BAKAI карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү

Жөнөкөй, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү кызматы болгон Apple Pay эми BAKAI карталарынын ээлери үчүн жеткиликтүү

Бүгүнтөн тартып BAKAI тарабынан чыгарылган Visa карталарынын ээлери Apple Pay кызматын колдоно алышат. Бул мобилдик төлөмдөрдү жаңы деңгээлге чыгарган, тез, ыңгайлуу, коопсуз жана жеке төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган кызмат. Apple Pay кызматында коопсуздук жана купуялуулук башкы орунда турат. Кредиттик же дебеттик картаңызды Apple Pay кызматына кошкондо, картанын номери түзмөгүңүздө да,

Ошто бала бакчанын аймагына курулуп калган мыйзамсыз объектилер алынды

Ошто бала бакчанын аймагына курулуп калган мыйзамсыз объектилер алынды

Ош шаарындагы Уркуя Салиева көчөсүндө жайгашкан “Таң шооласы” бала бакчасынын аймагын иретке келтирилип жатат. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бала бакчанын аймагына курулуп калган эски жана мыйзамсыз объектилер бузулуп, учурда аймак курулуш таштандыларынан тазаланууда. Аталган иштер балдар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жүргүзүлүп

Жаратылыш парктарында накталай эмес төлөм системасы ишке кирди

Жаратылыш парктарында накталай эмес төлөм системасы ишке кирди

Кыргызстандагы үч өзгөчө корголуучу жаратылыш аймагында автоматташтырылган өткөрмө пункттары орнотулуп, эс алуучулар үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын санариптештирүү жана натыйжалуу башкаруу максатында жаңы автоматташтырылган өткөрмө пункттарын орнотту. Министрликтин маалыматына ылайык, мындай өткөрмө пункттары "Кыргыз-Ата"

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамга айрым өзгөртүүлөр кирди

Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамга айрым өзгөртүүлөр кирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңеш аталган мыйзамды 18-июнда кабыл алган. Өзгөртүүлөрдүн максаты — турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана