Бишкекте мыйзамсыз курулуш жүргүзгөн компанияга айып пул салынды
Бишкекте курулуш эрежелерин бузган компанияга карата административдик чара көрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Карасаев көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу конок үйдүн курулушунда мыйзам бузуу фактылары аныкталган.
Текшерүү учурунда мамлекеттик бирдиктүү объектилердин курулуш реестрине катталбастан жер казуу иштери башталганы белгилүү болгон.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча курулуш иштерин жүргүзгөн тарапка протокол түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Департамент курулуш иштерин жүргүзгөн бардык уюмдарды жана жарандарды белгиленген талаптарды так сактоого чакырып, эрежелер бузулган учурда мыйзам чегинде жоопкерчилик караларын эскертти.