Кыргыз-казак чек арасында жер титиреди
8-июнда саат 22:55те Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кырка тоосунда жайгашып, Кожояр айылынан түндүк-батышка карай 35 чакырым, ал эми Ананьево айылынан 49 чакырым алыстыкта болгон.
Жер алдындагы силкинүүлөр Ак-Булуң, Ак-Булак, Балбай, Шаты, Ичке-Суу, Күрмөнтү, Корумду жана Талды-Суу айылдарында болжол менен 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.