Өлкөдө Кызыл китепти жаңыртууга 21 млн сом бөлүнөт

Өлкөдө Кызыл китепти жаңыртууга 21 млн сом бөлүнөт

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте Кыргызстандын Кызыл китебин жаңыртуу боюнча ири илимий долбоорду баштады.

Министрликтин маалыматына ылайык, макулдашуунун алкагында окумуштуулар өлкөнүн бардык аймактарында комплекстүү талаа жана камералдык изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Илимий иштердин негизги максаты — флора жана фаунанын сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган түрлөрү тууралуу так жана орчундуу маалыматтарды топтоо.

Долбоор 24 айга эсептелип, аны ишке ашырууга жалпы 21 миллион сомго жакын каражат каралган.

Эки жылдык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында адистер министрликке Кызыл китептин жаңы басылышына негиз боло турган илимий материалдарды даярдап беришет.

Учурда өлкөнүн Кызыл китебине жоголуп бара жаткан жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ондогон түрлөрү киргизилген. Алардын катарында 57 түрдүү куш, 23 түрдүү сүт эмүүчү, 8 түрдүү сойлоочу, 7 түрдүү балык, 18 түрдүү муундуу буттуу, ошондой эле 89 түрдүү жогорку өсүмдүк жана козу карын бар.

Мындан тышкары окуңуз

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

"Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан" темир жолу: Бажы жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт

Күн мурун Мамлекеттик бажы кызматында мекеменин төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов менен "Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жол компаниясы" ЖЧКсынын башкы директору Гун Хунъюндун жумушчу жолугушуусу өттү. Жолугушууда Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушуна арналган товарларды өткөрүүдө бажылык башкарууну өркүндөтүү жана бажы жол-жоболорун оптималдаштыруу маселелери каралды. Тараптар

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

"Мамлекеттик финансылык холдинг" бир жылда 45 млрд сомдон ашык насыя берди

Бүгүн "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсынын Финансылык-кредиттик фонддон кайра түзүлгөнүнө бир жыл болду. Ал эми уюмдун жалпы тарыхы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык-кредиттик фонд түзүлгөн учурдан тартып 29 жылды камтыйт. 2025-жылдын 17-июлунда Министрлер Кабинетинин токтому менен "Мамлекеттик финансылык холдинг" ААКсы түзүлүп, анын

Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес

Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес

Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы туристтик сезондо иштеп жаткан 1267 туристтик объект бар. Алардын ичинен 800дөн ашык объектте саркынды сууну тазалоочу курулма жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев Биринчи радиого берген маегинде билдирди. Билдирүүгө караганда, учурдагы туристтик сезондо

Кыргызстанда брокердик эсепти 15 мүнөттө аралыктан ачууга мүмкүн болду

Кыргызстанда брокердик эсепти 15 мүнөттө аралыктан ачууга мүмкүн болду

Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында дагы эки реформа ийгиликтүү аяктады. Натыйжада брокердик эсепти аралыктан ачуу 15 мүнөткө чейин кыскарып, санитардык китепчени тариздөө процесси да кыйла жөнөкөйлөштүрүлдү. Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды. Анын айтымында, быйыл