Бишкектеги №88 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда

Бишкектеги №88 мектептин жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда

Бишкектин Көк-Жар конушундагы №88 жалпы билим берүү мектебине кошумча 500 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Долбоорго ылайык, жаңы корпус заманбап талаптарга жооп берген үч кабаттуу мектеп имараты болуп, бардык зарыл шарттар менен камсыздалат. Объекттин жалпы аянты 5525 чарчы метрди түзөт.

Учурда имараттын экинчи кабатынын колонналарын тургузуу иштери аяктап, курулуштун кийинки баскычы башталды.

Маалыматка ылайык, президент Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырманын негизинде республикалык бюджеттин эсебинен Бишкек шаарында 20 жаңы мектептин курулушу ыкчам жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Айзада Субакожоева жаңы түзүлгөн агенттиктин орун басары болуп дайындалды

Айзада Субакожоева жаңы түзүлгөн агенттиктин орун басары болуп дайындалды

Айзада Субакожоева Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, баш мыйзамдын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Айзада Субакожоева мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары болуп дайындалды. Эске

Социалдык жардам ортомчуларсыз берилет, шылуундарга ишенбеңиз

Социалдык жардам ортомчуларсыз берилет, шылуундарга ишенбеңиз

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги социалдык контракт алуу иштерине байланыштуу алдамчылык схемалары аныкталганын билдирди. Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аралык аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн мониторинг учурунда белгисиз адамдар «социалдык контракт алууга жардам берүү» шылтоосу менен жарандардан акча талап кылганы аныкталган. Министрлик дароо укук коргоо органдарына

Кыргызстанга 255 млн доллардан ашык акча которулган

Кыргызстанга 255 млн доллардан ашык акча которулган

2026-жылдын март айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү  255,2 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн 235,5 млн доллар көлөмүндөкаражат келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн келген которуулар 19,7 млн долларболгон. 2026-жылдын март айынын аягына карата

Улуттук банк: шылуундар  жаңы ыкма колдонууда

Улуттук банк: шылуундар жаңы ыкма колдонууда

Улуттук банк жарандардын акчасын алдап алуунун жаңы шылуундук ыкмасы пайда болгонун эскертти. Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу жарандарга билдирүү жөнөтүп жатышат. Алар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшөт. Шылуундар жарандарга Түндүк системасында бузулуу болгонун, жеке маалыматтар үчүнчү жактарга өтүп кеткенин