Эсептөө палатасы: 21 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Эсептөө палатасы: 21 млрд сомдон ашык каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Жогорку Кеңештин 10-июндагы жыйынында Эсептөө палатасынын 2025-жылдагы иши тууралуу отчёт каралды.

Жыйында баяндама жасаган Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов 2025-жылы 98 аудитордук иш-чара жүргүзүлгөнүн билдирди.

Анын айтымында, текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 21 млрд 419 млн сомдук финансылык мыйзам бузуу аныкталган.

Учурда анын 13 млрд 406 млн сому өндүрүлүп, калыбына келтирилгени маалымдалды.

Талкуу маалында депутаттар электрондук аудитке өтүү, мамлекеттик органдардагы финансылык тартип, мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик жана бюджеттик каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча маселелерди көтөрүштү.

Эл өкүлү Махабат Мавлянова айрым министрликтерде кызматкерлерге ашыкча айлык төлөнгөн фактылар аныкталганын айтып, анын көлөмү 200 млн сомдон 450 млн сомго чейин жеткенин белгиледи.

Ал эми депутат Нилуфар Алимжанова «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө көңүл буруп, онкологиялык ооруларга чалдыккан балдар үчүн дары-дармектер өз убагында алынбай калган учурлар болгонун билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын ишин санариптештирүү, тендердик иштердин ачык-айкындуулугу жана мыйзам бузууларга жол берген жетекчилердин жоопкерчилиги тууралуу маселелер дагы талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media