Коомдук транспортко жол бербегендерге 5500 сом айып салынат

Коомдук транспортко жол бербегендерге 5500 сом айып салынат

"Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы коомдук транспортко жол бербеген айдоочуларга 5500 сом айып пул салынарын эскертти.

Жол кыймылынын эрежелерине ылайык, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдү түшүрүп же отургузуп, кайра кыймылын баштаганда башка унаалар ага жол берүүгө милдеттүү.

Коомдук транспорттун айдоочусу жол коопсуз экенине ынангандан кийин гана жүрүшүн улантат.

Бул талапты аткарбаган айдоочуларга Укук бузуулар кодексине ылайык 5500 сом айып пул салынат.

Мындан тышкары, коомдук транспорт үчүн атайын бөлүнгөн сары тилке менен мыйзамсыз жүргөн айдоочуларга 1000 сом өлчөмүндө айып каралары белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында мыйзам бузууларды аныктады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62