Ошто мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору кеңейүүдө

Ошто мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору кеңейүүдө

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Ош шаарындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылып жаткан бир катар мекемелерге барды.

Маалыматка ылайык, аталган иштер инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында жүргүзүлүп жатат.

Иш сапарынын жүрүшүндө ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында курулуп жаткан Ош облустук юстиция башкармалыгынын жаңы имаратынын курулушу менен таанышты. Долбоор беш кабаттуу заманбап административдик имаратты курууну карайт.

Маалыматка ылайык, долбоордун мамлекеттик өнөктөшү Юстиция министрлиги болсо, жеке өнөктөшү — «Капитал Строй Инвест» ЖЧКсы. Жалпы инвестициянын көлөмү 228 млн сомду түзөт. Объектти пайдаланууга берүү 2026-жылга пландалган.

Ошондой эле Равшанбек Сабиров «Дельфин» балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин базасында түзүлгөн «Булак» спорттук-саламаттыкты чыңдоо комплексине барды.

Долбоор Ош калаасынын мэриясы жана «Дем-Ал» ден соолукту чыңдоо комплекси» ЖЧКсы тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде ишке ашырылган. Ага 95 млн сом инвестиция тартылып, спорттук комплекс 2025-жылдын 5-октябрында пайдаланууга берилген.

Сапардын жыйынтыгында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана аймактык инфраструктураны жакшыртуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media