Улуттук банк: шылуундар жаңы ыкма колдонууда

Улуттук банк: шылуундар  жаңы ыкма колдонууда

Улуттук банк жарандардын акчасын алдап алуунун жаңы шылуундук ыкмасы пайда болгонун эскертти.

Маалыматка ылайык, шылуундар өздөрүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу жарандарга билдирүү жөнөтүп жатышат. Алар Улуттук банктын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшөт.

Шылуундар жарандарга Түндүк системасында бузулуу болгонун, жеке маалыматтар үчүнчү жактарга өтүп кеткенин жана алардын атына насыя алынганын айтып, коркутуу ыкмасын колдонушууда.

Андан соң “акчаны сактоо” шылтоосу менен каражаттарды “коопсуз эсепке” которууну сунушташат. Улуттук банк мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө жана бейтааныш адамдарга акча жөнөтпөөгө чакырды.

Мекеме белгилегендей, мындай билдирүүлөр толугу менен шылуундар тарабынан жөнөтүлөт.

Ошондой эле жарандарга банк эсептерин, сыр сөздөрүн эч кимге бербөө сунушталды.

Шектүү билдирүүлөр түшкөн учурда сүйлөшүүнү токтотуп, банкка же укук коргоо органдарына кайрылуу керектиги эскертилди.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар