Жапайы жаныбарларды аткан жаранга 212 миң сом айып салынды

Жапайы жаныбарларды аткан жаранга 212 миң сом айып салынды

Кемин районунун тоолуу аймагында жапайы жаныбарларга мыйзамсыз мергенчилик кылган Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Текшерүү учурунда эки баш каман, бир баш элик, эки баш кыргоол жана бир баш кекилик атылганы аныкталган.

Кармалган жаран Кемин РИИБне жеткирилип, жаратылышка келтирген зыяны үчүн 212 миң сом айып салынган. Ал айып пулду өз ыктыяры менен төлөп бергени маалымдалды.

Ошондой эле мыйзамсыз колдонулган аңчылык куралы милицияга өткөрүлүп берилип, жаран 3 жылга мергенчилик кылуу укугунан ажыратылды.

Мындан тышкары окуңуз

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокатта соода-логистикалык борбору курулууда

Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов Ош облусунун Ноокат районунда курулуп жаткан ири соода-логистикалык борбордун курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка таянсак, аталган долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизминин алкагында Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы менен “Мармара-Стоун” ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткалда жаңы ГЭСтин курулушу башталды

Чаткал районунда “Грант Холдинг” ЖЧКсы тарабынан кубаттуулугу 160 мегаватт болгон гидроэлектр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу аталган райондун админстрациясынан билдиришти. Маалыматка караганда, Чаткал райондук админстрациясынын жетекчиси Алтынбек Сеңирбаев курулуш жүрүп жаткан аймакка барып, аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Аталган ири инвестициялык долбоор ишке ашкандан кийин райондун энергетикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтип,

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

"Климаттык иш жөнүндө" мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам үстүбүздөгү жылдын 20-майында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Кабыл алынган документ климаттык аракеттер жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана климаттын өзгөрүшүнүн өлкө калкына, экономикасына жана экосистемасына тийгизген терс таасирин минималдаштырууга багытталган. Мыйзамдын негизги максаттары жана багыттары: Климаттын туруктуулугун

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

Ошто айыл чарба жарманкеси өтөт

12-июлда Ош шаарынын борбордук базарындагы “Тешик-Таш” мөмө-жемиш базарынын аймагында кеңири масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бул жарманкеде ата мекендик дыйкандар өздөрү өстүргөн жаңы, таза жашылча-жемиштерди түз, ортомчусуз жана арзан баада шаар тургундарына тартуулашат. Иш-чарага каалаган бардык дыйкандар