2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат көбөйөт

2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат. Тиешелүү чечимди президенти Садыр Жапаров кабыл алды.

Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат.

Ошол эле учурда балдардын ден соолугу, алардын толук кандуу тамактануусу жана сергек жашоо мүнөзүнүн туруктуу негиздерин калыптандыруу маселелери өлкөнү узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык өнүктүрүү үчүн өтө маанилүү. 

Ушуга байланыштуу, мектепте сапаттуу тамактанууну камсыз кылуу мамлекеттин социалдык милдеттенмеси гана эмес, өлкөнүн келечегине багытталган инвестиция катары да каралат.

Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле белок, май жана углеводдор боюнча тамактануунун тең салмактуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет. 

Мындан тышкары, мамлекет башчысынын бул чечими өлкө аймактарындагы мектептеги тамактанууну уюштуруудагы айырмачылыктарды азайтууга, ошондой эле үй-бүлөлөрдүн кошумча каржылык жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

“Бишкек Арена” стадионунда өрт чыкканы тууралуу маалымат төгүндөлдү

“Бишкек Арена” стадионунда өрт чыкканы тууралуу маалымат төгүндөлдү

Президенттин Иш башкармалыгы курулуп жаткан  “Бишкек Арена” стадионунун аймагында өрт чыкканы тууралуу маалыматтарды төгүндөдү. Иш башкармалыктын маалыматына караганда, объекттин жер төлөсүндө ширетүү иштери жүргүзүлүп жаткан. Иш учурунда учкундар боёк жана курулуш материалдарына тийип, натыйжада кыска мөөнөттүү түтүн пайда болгон. Иш башкармалыгынын билдиришинче, өрттөнүү же ачык жалын катталган эмес. Ошондой эле

Мотоцикл менен жайытты тебелеген жаран жоопкерчиликке тартылды

Мотоцикл менен жайытты тебелеген жаран жоопкерчиликке тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы социалдык тармакта тараган видеонун негизинде жайыттарды бузуу фактысын аныктады. Маалыматка ылайык, Instagram тармагындагы enduro_prokat.kg баракчасында жарыяланган видеодо эндуро мотоцикли менен жайыт жана жашыл аянттарды тебелеп жүргөн жаран тартылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында анын өздүгү такталып, К.

Айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып короого киргизилет

Айып пул төлөбөгөн айдоочулардын унаалары айып короого киргизилет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн рейддин алкагында “Автоураган” автоматтык комплекси аркылуу айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн айдоочулар аныкталды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө бир сааттын ичинде бир нече унаа токтотулуп, мыйзам талаптарына ылайык айып короого киргизилди. Милиция айдоочуларды айып пулдарынын бар-жогун электрондук кызматтар

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ошто мыйзамсыз курулуш аныкталып, дубалдары буздурулду

Ош шаарында мыйзамсыз курулуп жаткан коммерциялык багыттагы объектте курулуш нормаларынын одоно бузулушу аныкталып, сапатсыз тургузулган дубалдар буздурулду. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти билдирди. Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Б. Осмонов көчөсүндө жайгашкан коммерциялык объект текшерүүгө алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө курулуш-монтаждоо иштери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзүлүп жатканы аныкталган. Мындан