БАЭден Бишкек жана Ошко авиакаттамдар кайра ачылат

БАЭден Бишкек жана Ошко  авиакаттамдар кайра ачылат

Бириккен Араб Эмираттарынын "Air Arabia" авиакомпаниясы Бишкек жана Ош шаарларына үзгүлтүксүз авиакаттамдарды кайрадан аткара баштайт.

Бул боюнча "Кыргызстан аэропорттору" ААКтын башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов менен Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясынын жумушчу жолугушуусунда макулдашылды.

Маалыматка ылайык, Шаржа — Ош — Шаржа багыты боюнча каттамдар 22-июндан тартып жанданат. Ал эми Шаржа — Бишкек — Шаржа багыты боюнча каттамдарды 2026-жылдын 3-июлунан тарта кайрадан аткаруу пландалууда.

"Кыргызстан аэропорттору" ААКтан билдиришкендей, авиакаттамдардын кайра жандандырылышы өлкөнүн транспорттук жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана туристтер, ишкерлер, өнөктөштөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө шарт түзөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар авиация тармагындагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин да талкуулашты. Анда жаңы багыттарды ачуу, эки өлкөнүн ортосундагы туристтик, экономикалык жана ишкердик байланыштарды кеңейтүү боюнча сунуштар каралды.

Белгилей кетсек, "Air Arabia" авиакомпаниясынын Кыргызстанга болгон каттамдары мартта АКШ, Израил жана Ирандын ортосундагы чыңалууга байланыштуу убактылуу токтотулган болчу. Эми авиакомпания өз каттамдарын кайрадан калыбына келтирип жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media