Энергетиктер курулуш компанияларынын жоопкерчилигин күчөтүүнү талап кылышты

Энергетиктер курулуш компанияларынын жоопкерчилигин күчөтүүнү талап кылышты

Бишкекте электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келген авария боюнча кеңейтилген кеңешме өтүп, энергетикалык объекттердин жанындагы курулуш иштеринде коопсуздук талаптарын күчөтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июнда HOWO үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа "Парковая" – "Ала-Арча" 110 кВ аба электр берүү чубалгысынын зымын үзүп кеткен. Натыйжада борбор калаанын бир бөлүгү убактылуу жарыксыз калган.

Талкуу учурунда авария болгон аймактагы курулуш объектисинин өкүлдөрүнө буга чейин коопсуздук талаптарын сактоо боюнча расмий эскертүү берилгени белгилүү болду. Бирок талаптар аткарылбагандыктан, жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясы жабыркап, авариялык кырдаал жаралган.

Кеңешменин катышуучулары энергетикалык объекттерге жакын аймактарда курулуш жана жер иштерин жүргүзүүдө энергетикалык уюмдар менен милдеттүү түрдө макулдашуу зарылдыгын белгилешти.

Жыйынтыгында мамлекеттик органдар жана курулуш компаниялары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин күчөтүү, ошондой эле электр тармактарынын күзөт аймактарындагы талаптарды бузган учурлар үчүн жоопкерчиликти катаалдатуу боюнча сунуштар айтылды.

Энергетика министрлиги курулуш жана подряддык уюмдарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырып, мындай мыйзам бузуулар электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына гана эмес, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна да коркунуч жаратарын эскертти.

Мындан тышкары окуңуз

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Гепатитти дарылоого 492 млн сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Кыргызстанда быйылкы жылдын алты айында 1 миллиондон ашуун адам гепатиттин вирустук В түрүнө каршы эмдөө алды. Алардын ичинен биринчи дозасы 446 319, экинчи дозасы 358 159, үчүнчү дозасы 250 534 адамга сайылган. Бул тууралуу Республикалык кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору билдирди. Маалыматка таянсак,

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Данияр Амангелдиев: Өкмөт чара көрбөсө, күйүүчү майдын баасы 140 сомдон ашмак

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын кымбатташы Кыргызстандагы баага да таасир эткенин билдирди. Бул тууралу ал "Биринчи радионун” эфиринде билдирди. Амангелдиевдин айтымына караганда, акыркы эки айда бензиндин дүйнөлүк баасы дээрлик эки эсеге өсүп, бир тоннасы 860 доллардан 1700 долларга жеткен. Эгер өкмөт бааны

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

АИ-95 күйүүчү майынын тартыштыгы боюнча түшүндүрмө берилди

AИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин тартыштыгы орусиялык компаниялар тарабынан киргизилген жеткирүү чектөөлөрүнө байланыштуу. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адиси Лариса Шустикова “Биринчи”радионун" эфиринде билдирди. "Орусиялык компаниялар бул жерде иштеген өздөрүнүн ишканаларына АИ-95 бензинди жеткирүүнү чектешти. Ошол эле учурда, үч ири мунай ишканалары ишин улантып, запастарга

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкектеги Ататүрк сейил багы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багынын аймагын кыдырып чыгып, оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле подряддык уюмга жана тиешелүү шаардык кызматтарга калган иштерди аягына чыгаруу жана объектти мындан ары талапка ылайык жасоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө объектти оңдоп-