Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыды

Яндекс Кыргызстан Top Employer 2026 макамына татыды

Top Employers Institute тандоосун ылайык, Яндекс Кыргызстан 2026-жылы өлкөдөгү эң мыкты иш берүүчүлөрдүн бири деп табылды. Бул компания персонал менен иш алып баруу жана алардын кесиптик өнүгүүсү жаатында жогорку деңгээлин тастыктап, эл аралык Top Employer 2026 сертификатына ээ болду.

Top Employers Institute дүйнөнүн 131 өлкөсүндө иштейт жана компанияларды персонал менен иш алып баруу, эмгек чөйрөсү, таланттарды тартуу, кызматкерлерди окутуу жана өнүктүрүү, ар түрдүүлүк, мүмкүнчүлүктөрдүн теңдиги, ошондой эле кызматкерлердин жыргалчылыгын камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша сертификациялайт.

“Технологиялык компаниялардын баардыгынын башкы байлыгы, бул - эл. Top Employer сертификатын алып жатканыбыз - биздин кызматкерлердин кесиптик жактан өсүшүнө, жаңы идеяларды сунуштоосуна жана күн сайын миллиондогон адамдар колдонгон технологияларды түзүүгө катышуусуна мүмкүндүк берген чөйрөнү калыптандырып жатканыбызды тастыктап жатат. Биз таланттарды өнүктүрүүгө инвестиция салууну жана Кыргызстандагы технологиялык коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошууну уланта беребиз” - деп белгиледи, Яндекс Кыргызстандын башкы директору Тилек Сулайманов. 

Сертификат алган компаниялар мыкты иш берүүчүлөрдүн глобалдык коомчулугу менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошондой эле алар персонал менен иштөөнүн алдыңкы тажрыйбалары боюнча аналитикалык маалыматтарга жана эксперттик баалоолорго жете алышат.

"Top Employer 2026 улуттук сертификатын алуу Яндекс Кыргызстандын туруктуу бизнес натыйжаларын камсыз кыла турган эң сонун жумуш чөйрөсүн түзүүгө болгон умтулуусун чагылдырат. Биз бул компанияны өлкөнүн эмгек маданиятын жакшыртууга кошкон салымы үчүн белгилеп жатканыбызга кубанычтабыз" - деп белгиледи, Top Employers Institute уюмунун башкы директору Адриан Селигман.

Яндекс Кыргызстан (Yango Group курамында) – тездик менен өнүгүп келе жаткан технологиялык компания. Ал шаардык мобилдүүлүк, көңүл ачуу кызматы жана бизнес үчүн инструменттерди, анын ичинде ЖИ жаатында кеңири спектрдеги санариптик кызматтарды көрсөтөт. Компания Кыргызстандагы күнүмдүк жашоо жана бизнес үчүн ыңгайлуураак чөйрөнү түзүүгө жардам берет. 

Компания IT тармагындагы билим берүү программалары жана демилгелери аркылуу жергиликтүү таланттарды өнүктүрүүгө инвестиция салат. Алар жаштарга заманбап көндүмдөргө, анын ичинде машиналык окутуу боюнча билимдерге жетүү мүмкүнчүлүгүн берип, кесиптик коомчулуктар менен өз ара байланыш түзүүгө жардам берет. Ошондой эле Яндекс Кыргызстан өз кызматтарын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыңгайлаштыруу аркылуу инклюзивдүүлүктү өнүктүрүп келет.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media
Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди. ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө

Ишкер Media
Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотини бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс)

Ишкер Media