Манас шаарында сел коркунучун азайтуу боюнча иштер жүрүүдө

Манас шаарында сел коркунучун азайтуу боюнча иштер жүрүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарында Манас шаарында сел коркунучун азайтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди текшерди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Шор-Суу тилкесинде сел сууларынын агымын жөнгө салуу жана калктуу конуштарды коргоо максатында курулуп жаткан сел өткөрүүчү арыктардын курулушун көрүп чыкты.

Учурда бул жерде бетондон жасалган арыктар жана сел өткөрүүчү канал курулуп жатат. Мындан сырткары, сел кармоочу жай куруу да пландалууда.

Ошондой эле Таш-Көмүр шаарындагы №2 Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 57-өрт-куткаруу бөлүгүнө да барып, оңдоо иштерин көзөмөлдөдү.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери мамлекеттик казынанын эсебинен жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында куткаруучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттар түзүлүп, бөлүмдүн ишинин натыйжалуулугу жогорулайт.

Министр калктын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана куткаруу кызматтарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттин негизги артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media
Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди. ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө

Ишкер Media
Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотини бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс)

Ишкер Media