“Манас” университетинде курулуп жаткан жатакананын курулушу токтотулду

“Манас” университетинде курулуп жаткан жатакананын курулушу токтотулду

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-июнда жүргүзүлгөн көзөмөлдөө иштеринин алкагында Бишкек шаарынын Жал кичи районунда жайгашкан объектинин мыйзамсыз курулуп башталганы аныкталды. Тактап айтканда, объектте тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, мамлекеттик курулуш реестрине катталбастан жерди казуу иштери жүргүзүлүп жаткандыгы белгилүү болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган объект Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин 1100 орундуу жатаканасы экендиги аныкталды.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Битрейд Импекс” ЖЧКсына карата тиешелүү акт түзүлүп, 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш-монтаждоо иштери токтотулду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте саркынды сууларды тазалоочу жайдын 50 гектар аянты жаңыланууда

Ошто педиатрия боюнча эл аралык конференция өттү

Өлкө аймагында 3 баллга жакын жер титирөө катталды

Бишкекте 35 миң көрүүчүгө ылайыкталган Улуттук ат спорту комплексинин курулушу башталды

Гоголь көчөсүнүн 1,5 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктады