Министрлик: жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Министрлик: жол боюндагы мыйзамсыз курулуштар буздурулат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги автоунаа жолдорунун бөлүнгөн тилкелеринде жана жол боюндагы коргоо тилкелеринде мыйзамсыз курулуштарды жайгаштырууга жол берилбей турганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, "Автомобиль жолдору жөнүндө" мыйзамына ылайык, жол тилкелеринин туурасы алардын техникалык категориясына жараша аныкталат. Тактап айтканда, I–V категориядагы автоунаа жолдору үчүн бул көрсөткүч 32 метрден 12 метрге чейин белгиленген.

Ошондой эле жол жээктериндеги коргоо тилкелери жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү максатында өзгөчө тартипте корголот.

Министрлик белгилегендей, аталган аймактарда жол кыймылынын коопсуздугуна жана жол тейлөөсүнө байланышкан жайларга гана жайгаштырууга уруксат берилет. Алардын катарына аялдамалар, унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аянтчалары жана башка жол кызматынын объекттери кирет.

Ал эми мыйзам талаптарын бузуу менен курулган объекттер мыйзамсыз деп табылып, аларды бузуу иштери жүргүзүлөт. Мындай учурда бардык чыгымдар мыйзам бузган тараптын эсебинен өндүрүлөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды жана юридикалык жактарды автоунаа жолдорунун жерлерин пайдаланууда мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media