Мотоцикл менен жайытты тебелеген жаран жоопкерчиликке тартылды

Мотоцикл менен жайытты тебелеген жаран жоопкерчиликке тартылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы социалдык тармакта тараган видеонун негизинде жайыттарды бузуу фактысын аныктады.

Маалыматка ылайык, Instagram тармагындагы enduro_prokat.kg баракчасында жарыяланган видеодо эндуро мотоцикли менен жайыт жана жашыл аянттарды тебелеп жүргөн жаран тартылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында анын өздүгү такталып, К. уулу К. экени белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыктын инспекторлору тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, жаран Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылды. Натыйжада ага 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды жайыттарды, жашыл аянттарды жана жаратылыш объекттерин коргоого чакырып, автоунаа жана мототранспорт каражаттары менен жер кыртышын бузуу экологияга олуттуу зыян алып келерин эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык, жайыттарды мыйзамсыз тебелеп-тепсөө жана бузуу фактылары үчүн мыйзам чегинде административдик жоопкерчилик каралган. Мындай мыйзам бузуулар үчүн 5 миң 500 сомдон 20 миң сомго чейин айып пул салынышы мүмкүн.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media