Өлкө боюнча электромобилдер үчүн жаңы станциялар орнотулууда

Өлкө боюнча электромобилдер үчүн жаңы станциялар орнотулууда

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК өлкө боюнча электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу иштерин улантууда. Долбоор Энергетика министрлигинин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда.

Маалыматка ылайык, учурда Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында жалпысынан 30 даана кубаттоочу станция пайдаланууга берилди.

Нарын облусу – 8 даана;
Чүй облусу – 14 даана;
Ысык-Көл облусу – 6 даана;
Талас облусу – 2 даана.

Мекеме жыл соңуна чейин республика боюнча 100дөн ашуун электромобилдерди кубаттоочу станцияны орнотууну пландап жатат.

Долбоордун алкагында станциялар негизги калктуу конуштарга жана туристтик багыттарга жайгаштырылууда. Тактап айтканда, алар өлкөнүн башкы автоунаа жолдорунун боюна, Бишкек–Торугарт унаа жолуна, ошондой эле Чүй, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын стратегиялык аймактарына курулууда.

Адистердин айтымында, ар бир станциянын кубаттуулугу 120 кВт болуп, электромобилдерди кыска убакыт ичинде тез кубаттоого мүмкүнчүлүк берет. Кубаттоочу жайлар «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын өз каражаттарынын эсебинен курулууда.

Долбоордун негизги максаты — электромобиль ээлери үчүн өлкөнүн бардык аймактарында ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле транспорт тармагындагы экологиялык көрсөткүчтөрдү жакшыртып, зыяндуу газдардын бөлүнүп чыгышын азайтуу.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ошто 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды

Ош шаарында баңгизатка байланыштуу кылмыш ишинин жагдайларын өзүнүн пайдасына чечип берүү үчүн милиция кызматкерлерине 650 миң сом пара берип жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1983-жылы туулган А.Д. аттуу

Ишкер Media
Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Асма жол куруу долбоору Австриялык компания менен талкууланууда

Бишкекте асма жол куруу долбоорунун келечегин Бишкек мэриясынын делегациясы Тбилисиде австриянын Doppelmayr компаниясынын өкүлдөрү менен талкуулашты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Аталган компания грузиянын борборунда асма жолдордун ишке ашырылышына катышкан. Жолугушуу Бишкек делегациясынын Тбилисиге болгон иш сапарынын алкагында өттү. Шаардын мэринин орун басары Рамиз Алиев, ошондой эле Тбилисинин мэриясынын орун басары

Ишкер Media
Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media