Чаткалда селдин кесепетинен жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты

Чаткалда селдин кесепетинен жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Биримдик айылында сел суулары эки турак үйдүн жер төлөлөрүн каптаган. Ал эми Мончок-Дөбө айылында эки автоунаа көпүрөсү жабыркап, Сумсар айылында 300 метр ички чарбалык жолду сел жууп кеткен.

Мындан тышкары, Сумсар айылында төрт автоунаа көпүрөсү жана бир жөө адамдар өтүүчү көпүрө пайдаланууга жараксыз абалга келген. Айыл тургундары үчүн айланып өтүүчү жол уюштурулду.

Мазар-Сай тилкесинде сел эки электр мамысын кулатып кеткендиктен, Сумсар жана Биримдик айылдары убактылуу электр жарыгысыз калган.
Куткаруучулар жана атайын техникалардын жардамы менен үч турак үйдүн жер төлөлөрү жана бир үйдүн короосу сел калдыктарынан тазаланды. Ошондой эле жол кызматкерлери Сумсар — Шакафтар унаа жолун жарым-жартылай тазалап, бир багытта каттамды калыбына келтиришти.

Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү, жолдорду тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери уланууда. Бузулган электр берүү линияларын калыбына келтирүү иштерин Ала-Бука райондук электр тармактары ишканасы жүргүзүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media