Көчмөндөр оюндарына карата электр тармактары жаңыланууда

Көчмөндөр оюндарына карата электр тармактары жаңыланууда

Ысык-Көл облусунда электр тармактарын жаңылоо боюнча бир катар иштер аткарылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүүчү жайларды туруктуу жарык менен камсыздоо максатында 552 темир-бетон тирөөчү орнотулуп, 94,2 чакырым өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымдар тартылды.

Ошондой эле Чолпон-Ата районунда жайкы туристтик сезонго даярдык көрүлүп, 67,2 чакырым жаңы зымдар тартылып, 15,2 чакырым эскирген алюминий зымдары алмаштырылды. Мындан тышкары, 401 темир-бетон тирөөчү орнотулду.

Жыл башынан бери 7,4 чакырым электр берүүчү аба чубалгылары жана 17 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 26,1 чакырым электр чубалгысы менен 67 көмөк чордондо техникалык тейлөө иштери жүргүзүлдү.

Адистердин айтымында, бул иштер электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртып, авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алууга жана керектөөчүлөрдү туруктуу жарык менен камсыздоого шарт түзөт.

Мындан тышкары окуңуз

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Чүй проспектисинин чыгыш тарабы жаңыланып, унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкек шаарында Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө негизги калыбына келтирүү иштери аяктады. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти маалымдагандай, иштин алкагында ирригациялык тармакты жаңылоо иштери жүргүзүлүп, жолдун үстүңкү катмары жаңыртылды жана эки катмар асфальт төшөлдү. Учурда Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов

Ишкер Media
Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Депутат артисттердин бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Бурул Аманова коомдук ишкерлерге жана артисттерге бинардык опциялык жарнамалары үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү сунуштады. Маселе Каржы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында 6-октябрда көтөрүлдү. " Сиз блогерлерге бинардык опциялар жарнамалары үчүн жаза күчөтүлгөнүн жазган элеңиз. Бирок ошол жарнамаларда блогерлер гана эмес коомдук ишмерлер, артисттер да

Ишкер Media
Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда сүттү сатып алуу баасы 32–50 сом

Кыргызстанда фермерлерден чийки сүттү сатып алуунун орточо баасы аймактарга жараша 32–50 сомду түзүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди. ЖКтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жыйында депутаттар сүттүн сатып алуу баасын жөнгө

Ишкер Media
Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Ош аэропортунан курамында тыюу салынган продукциянын өтүшүнө бөгөт коюлду

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош шаарында жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган курамында никотин бар продукцияны алып кирүү аракетин аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, аэропорттун текшерүү зонасында жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 млн 200 миң сомдон ашкан, курамында никотини бар чайноочу аралашма түрүндөгү (снюс)

Ишкер Media