Мектепте ата-энелерден 1 млн сомдон ашык акча чогултулган

Мектепте ата-энелерден 1 млн сомдон ашык акча чогултулган

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан баш калаада жайгашкан №24 мектебинин жооптуу кызматкерлери тарабынан окуучулардын ата-энелеринен мектепти оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн мыйзамсыз акча каражаты чогултулган.

Башкы прокуратрунанын маалыматына ылайык, жалпы чогултулган акчанын суммасы 1 131 450 сомду түзгөн. Акча каражаттардын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин кызматкеринин жашаган жеринде сакталгандыгы аныкталды.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Сумсар – Шакафтар жолунда селдин калдыктары тазаланууда

Сумсар – Шакафтар жолунда селдин калдыктары тазаланууда

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Сумсар–Шакафтар унаа жолунда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүүдө. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымына караганда, жеринде №17 Жол тейлөө мекемеси тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, атайын техникалар тартылган. Учурда жолдун жээктерин тазалоо боюнча иштер аткарылууда. Азыркы тапта аталган унаа жолдо абал туруктуу, каттам бар.

Токаевге Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну  сунушташты

Токаевге Астанадагы көчөгө Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунушташты

Жогорку Кеңештин төрагасынын Марлен Маматалиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушууда Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты. Ошондой эле маданий-гуманитардык алакалар боюнча маселелер көтөрүлүп, төрага Астана

Насыялык бюролордо кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү сунушталууда

Насыялык бюролордо кредиттик маалыматты сактоо мөөнөтүн өзгөртүү сунушталууда

КРнын Улуттук банкы насыялык бюролордун ишин жөнгө салган эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ 2026-жылдын 29-апрелинде кабыл алынган «Насыялык маалымат алмашуу жөнүндө» мыйзамдагы өзгөртүүлөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан. Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, кредиттик бюролордо сакталган терс кредиттик маалыматтардын мөөнөтү кыскартылат. Тактап айтканда, учурда терс

Талас шаарында борбордук аллея курулууда

Талас шаарында борбордук аллея курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарында курулуп жаткан К.Нуржанов атындагы борбордук аллеянын курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты. Маалыматка ылайык, аталган долбоор шаарды көрктөндүрүүгө, тургундар үчүн ыңгайлуу жана заманбап эс алуу шарттарын түзүүгө