Орусиядагы Кыргызстандын жаранына айлыгы өндүрүлүп берилди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү эмгек акысы төлөнбөй жатканын билдирген Кыргызстандын жаранынын кайрылуусун карап чыкты.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында “Ант Япы” компаниясы кызматкерге тиешелүү болгон 558 миң рубль эмгек акыны толук төлөп берди.
Министрлик чет өлкөдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоо боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.