Соң-Көлдөн 2000 метрге жакын мыйзамсыз тор чыгарылды

Соң-Көлдөн 2000 метрге жакын мыйзамсыз тор чыгарылды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү Каратал-Жапырык мамлекеттик жаратылыш коругунун кызматкерлери менен биргеликте Соң-Көл көлүндө кезектеги рейддик иш-чара өткөрүштү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө көлдүн акваториясы кылдат текшерилип, мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор алынды. Натыйжада суудан болжол менен 2000 метрге жакын эски жана мыйзамсыз тор чыгарылып, көлдүн табигый чөйрөсүн тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мындай торлор мыйзамсыз балык уулоонун куралы гана болбостон, көп жылдар бою сууда чирибей жатып, балыктарды, канаттууларды жана башка суу жаныбарларын кырсыктан өлүмгө алып келген кооптуу калдыктарга айланат. Алар көлдүн экосистемасына олуттуу зыян келтирип, биологиялык ар түрдүүлүктүн азайышына себеп болот.

Бул рейд “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо, балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Соң-Көлдүн уникалдуу экосистемасын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддик иш-чараларды мындан ары да туруктуу негизде улантарын эскертет.

Мындан тышкары окуңуз

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

"Бишкек Аренанын" ачылышында коопсуздукту 5 миң милиция кызматкери камсыздайт

5-октябрда Бишкекте жаңы "Бишкек Аренанын" расмий ачылыш аземи өтөт. Шаар тургундары жана коноктор үчүн кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт даярдалган. ИИМдин маалыматы боюнча, көрүүчүлөр көп келиши күтүлгөндүктөн коопсуздук күчөтүлгөн тартипте уюштурулат. Коомдук тартипти камсыздоого 5 миң кызматкер тартылат. Аренанын айланасында жеке унаалардын киришине убактылуу чектөө киргизилет.

Ишкер Media
Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

Бишкекте эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган конференция өттү

2-октябрда Бишкек шаарында эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган "Эгемендүүлүк доорунда Бишкек шаарынын өнүгүүсү: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечек" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, конференцияга мэр Айбек Джунушалиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, академик

Ишкер Media
Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media