Жакырчылыкты азайтуу боюнча программа иштелип чыгат

Жакырчылыкты азайтуу боюнча программа иштелип чыгат

11-июнда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргызстанда жакырчылыкты азайтуу программасын иштеп чыгуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Министрликтин маалыматына караганда, жыйынды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов алып барды.

Мекемелер аралык жумушчу топтун курамына экономика, иш менен камсыз кылуу, билим берүү, айыл чарба, социалдык коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттин жакырчылыкты кыскартуу, эмгек рыногун өнүктүрүү, иш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерин бирдиктүү системага келтирүүгө багытталган жаңы программаны иштеп чыгуунун негизги ыкмаларын талкуулашты.

Учурда өлкөдө жакырчылыкты азайтуу боюнча иш-чараларды камтыган бир катар стратегиялык документтер жана мамлекеттик программалар ишке ашырылып жатканы белгилүү. 

Иштелип жаткан документ иш менен камсыз кылууну жогорулатууга, адамдык капиталды өнүктүрүүгө, кирешенин туруктуу өсүшүн камсыз кылууга багытталган мамлекеттик колдоонун чараларын жана механизмдерин айкалыштырган бирдиктүү стратегиялык документ болуп калат.

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Адылбек Касымалиевдин Беларуска болгон жумуш сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин 1-2-октябрда Беларуска болгон жумуш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Маалым болгондой, сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Жыйында соода-экономикалык кызматташтык боюнча ондон ашык маселе каралып, бир катар документтерге кол коюлду. Отурумдарга ЕАЭБге мүчө Армения, Беларусь, Казакстан,

Ишкер Media
Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media