Грузиянын премьер-министри кыргыз элинин этномаданий мурасы менен таанышты

Грузиянын премьер-министри кыргыз элинин этномаданий мурасы менен таанышты

Президент Садыр Жапаров жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе 13-июнда Ысык-Көл облусундагы Бостери айылында жайгашкан «Номад» этно-комплексинде уюштурулган этномаданий программага катышты.

Расмий сапардын алкагында өткөн иш-чарада конокторго кыргыз элинин каада-салттарын, аңчылык өнөрүн жана жоокердик мурасын чагылдырган этнографиялык көрсөтүүлөр тартууланды. Ошондой эле кыска концерттик программа уюштурулуп, төкмө акын салттуу өнөрүн көрсөттү.

Мамлекет башчылары боз үй шаарчасын кыдырып, комуз жасоо өнөрү, улуттук музыкалык аспаптар, кийизден буюм жасоо, зергерчилик, карапа жана темир устачылык сыяктуу элдик кол өнөрчүлүк менен таанышты. Ошондой эле манасчы тарабынан «Манас» эпосунан үзүндү аткарылды. 

Иш-чаранын соңунда лидерлерге улуттук ат оюндары жана салттуу аңчылык өнөрү көрсөтүлдү. Программага бүркүт салуу, кыз куумай, ат үстүндөгү оюндар, жаа атуу жана каскадёр-чабандестердин парады кирди.

Мындан тышкары окуңуз

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

Эч кимге Шакиранын концертине акысыз билет же чакыруу берилбейт

“Бишкек Аренанын” ачылышынан кийин, 18-октябрда өтө турган Шакиранын концертине - акысыз билет же чакыруу сурап өкмөт өкүлдөрүнө кайрылгандар көп болуп жатат. Ушундан улам Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайыр Орунбеков өзүнүн баракчасында, Шакиранын концертине акысыз билет жана чакыруу болбостугун билдирди. Дайыр Орунбековдун айтымында, Шакиранын келип, концерт коюшу коммерциялык жана киреше

Ишкер Media
Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жашыл климаттык фонд Кыргызстандын 17,3 млн долларлык долбоорун жактырды

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев бүгүн Тбилисиде өтүп жаткан Жашыл климаттык фонддун аймактык диалогуна катышууда. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Министр климаттын өзгөрүшү суу тартыштыгына, селге, кургакчылыкка алып келип, чек аралык тобокелдиктерди жаратып жатканын айтты. Анын пикиринде, буга каршы күрөшүүдө жаңы система эмес, учурдагы улуттук институттарды күчөтүү керек. Ал тоолуу экосистемаларды

Ишкер Media
Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында селден сактоочу тосмолор курулат

Нарында Чоң-Карагайлуу жана Төш-Булак капчыгайларында селден сактоочу тосмолор курулат. Бул тууралуу Нарын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Нарын мэриясынын долбоору боюнча, мэрия өзгөчө кырдаалдар шаардык бөлүмү менен биргеликте атайын программа менен сел жүрүу коркунучу бар Нарындын 4 капчыгайында селден сактоочу тосмолор курулат. Долбоор адамдардын жашаган үйлөрүн, жолдорду, шаар инфраструктураларын

Ишкер Media
Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Кыргызстанда бир күндө 17 мектеп жана 3 бала бакча ачылды

Бүгүн, Кыргызстан боюнча 17 жаңы мектеп жана 3 бала бакча, жалпы 20 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алар Бишкек шаарында, Ош жана Манас шаарларында, ошондой эле Ноокен, Тон, Алай жана Айтматов райондорунда курулган. Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсүндө курулган №83 орто мектептин ачылышына МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Калган 16 мектеп

Ишкер Media