Балыкчыдагы оорукананын жаңы имаратын куруу маселеси көтөрүлдү

Балыкчыдагы оорукананын жаңы имаратын куруу маселеси көтөрүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Балыкчы шаардык жалпы дарыгердик практика борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш сапардын жүрүшүндө ал бейтаптарды кабыл алуу шарттарын, көрсөтүлүп жаткан медициналык кызматтардын сапатын, ошондой эле борбордун кадрдык жана материалдык-техникалык камсыздалышын көрүп чыкты.

Өзгөчө көңүл оорукананын алдында ачылган жаңы кардиологиялык бөлүмгө бурулду. Аталган бөлүм академик М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун түзүмүнө кирип, жүрөк-кан тамыр оорулары бар бейтаптарга жеринде адистештирилген жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Ошол эле учурда текшерүү маалында оорукананын негизги имаратынын абалы талапка жооп бербей турганы белгиленди. Инфраструктуралык көйгөйлөргө байланыштуу жаңы имарат куруу зарылдыгы айтылды.

Жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Саламаттык сактоо министрлигине, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарына Балыкчы шаардык ооруканасы үчүн жаңы заманбап имарат куруу боюнча финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media
Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды. Бир кабы 360 сомдон берилип жатат. Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен

Ишкер Media
Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, бүгүн жаңы унаанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай электромобиль университетте биринчи жолу жасалды. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Учурда окуу жайдын

Ишкер Media