Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды

Бишкекте жубайынын арызынан кийин үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-июнда Биринчи май райондук милициясына Ш.А. аттуу жаран кайрылып, күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, күйөөсү мас абалында үйүндө жаңжал чыгарып, тынчын алган.

Бул факты боюнча 56 жаштагы Т.Р. аттуу жаран кармалып, Бузуулар кодексинин 70-беренеси менен убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Чогултулган материалдар мыйзам чегинде кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлгөн.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү мас абалында өзүнүн автоунаасын өрттөп жибергени да аныкталган. Бирок анын жубайы бул окуя боюнча арыз жазуудан баш тарткан. Ага карабастан, маалымат каттоого алынып, учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Текшерүүнүн жыйынтыгында окуяга тиешелүү укуктук баа берилери белгиленди.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 2025-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 656 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 458 аял, 104 бала жана 94 эркек жабырлануучу катары катталган. Ошондой эле "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси боюнча 36 кылмыш иши ачылып, бул багыттагы укук бузуулар үчүн 6 миңден ашуун административдик протокол түзүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media
Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды. Бир кабы 360 сомдон берилип жатат. Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен

Ишкер Media
Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, бүгүн жаңы унаанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай электромобиль университетте биринчи жолу жасалды. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Учурда окуу жайдын

Ишкер Media