Чолпон-Атадагы ат майданда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Чолпон-Атадагы ат майданда оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 13-июндагы Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарында Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Аталган министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылы башталган долбоордун алкагында объекттин негизги бөлүктөрү жаңыланууда. Тактап айтканда, VIP-зона, конок бөлмөлөрү, трибуналар, административдик жайлар, жер төлө бөлүгү жана унаа токтотуучу жайлар оңдолуп-түзөлүүдө.

Ошондой эле кире бериш аймагындагы кафель жабуулары алмаштырылып, инженердик тармактар толугу менен жаңыртылууда. Учурда иштер бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлүүдө. Министр объекттеги иштердин сапатына жана курулуш темпине өзгөчө көңүл буруп, бардык иштерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, иштердин жүрүшү Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, Чолпон-Ата ат майданынын тарыхы 1930-жылдардан башталат. Объект 2014-жылы I Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата оңдолуп, 2018-жылы толук жаңыланган. Бүгүнкү күндө ал 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап спорттук комплекс болуп саналат.

Мындан тышкары окуңуз

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media
Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды. Бир кабы 360 сомдон берилип жатат. Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен

Ишкер Media
Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, бүгүн жаңы унаанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай электромобиль университетте биринчи жолу жасалды. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Учурда окуу жайдын

Ишкер Media
Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокенде жайытта мотоцикл айдагандарга айып салынды

Ноокен районунда жана Майлуу-Суу шаарында өткөрүлгөн рейд учурунда жайыт жерлеринде мототранспорт каражаттарын башкарган эки жаран аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресуртары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалымдалгандай, укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, алардын ар бирине 5 миң 500 сомдон, жалпы 11 миң сом айып пул салынды. Мындан тышкары, жарандарга жайыттарды

Ишкер Media