Сары-Жондо кум-шагылды уруксатсыз казгандарга айып пул салынды

Сары-Жондо кум-шагылды уруксатсыз казгандарга айып пул салынды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сары-Жон айылынын четиндеги кичи дарыядан кум жана шагылды уруксатсыз пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуу фактысы боюнча тиешелүү протокол түзүлүп, 10 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жаратылыш ресурстарын мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Адистер жарандарды жаратылыш байлыктарын пайдаланууда мыйзам талаптарын сактоого чакырып, мындай мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчилик каралганын эскертишти.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын TelegramFacebookInstagramThreadsХ жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Көлдө айыл чарба жерине мыйзамсыз салынган объект боюнча иш козголду

Кара-Көлдө айыл чарба жерине мыйзамсыз салынган объект боюнча иш козголду

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында айыл чарба багытындагы жер тилкесине тиешелүү уруксат документтери жок курулган мыйзамсыз объект буздурулду. Бул тууралуу калаа жетекчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аталаган жердин жалпы аянты 152 чарчы метрди түзөт. Учурда мыйзамсыз курулуш буздурулуп, жер тилкеси баштапкы абалына келтирилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-

Транспорт тармагына квалификациялуу кадрларды даярдоо күчөтүлөт

Транспорт тармагына квалификациялуу кадрларды даярдоо күчөтүлөт

Бүгүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде жогорку окуу жайлардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, транспорт тармагын квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу маселеси талкууланды. Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууга транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев катышты. Транспорт тармагында жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, коопсуздукту камсыздоо жана заманбап технологияларды киргизүүгө байланыштуу

Кырчында жаракат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берилди

Кырчында жаракат алган өспүрүмдүн абалы тууралуу маалымат берилди

Кырчын капчыгайынан түшүп келе жаткан учурда жаракат алган 15 жаштагы өспүрүмдүн абалы туруктуу, учурда ал дарыгерлердин көзөмөлүндө дарылануусун улантууда. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, өспүрүм алгач Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлик практика борборуна жеткирилген. Кароодо сокку алган жарааты, төмөнкү эриндин жабыркашы жана баш мээнин чайкалышы аныкталган. Дарыгерлердин маалыматына ылайык, бейтапта ретрограддык

Кыргызстанда курулуш тармагында чет өлкөлүк технологиялар сыналууда

Кыргызстанда курулуш тармагында чет өлкөлүк технологиялар сыналууда

Кыргызстанда курулуш тармагындагы инженердик-геологиялык изилдөөлөрдүн жергиликтүү жана чет өлкөлүк ыкмалары салыштырылууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Инженердик изилдөөлөр департаменти Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө колдонулган инженердик-геологиялык изилдөө ыкмаларына салыштырмалуу талдоо жүргүзүүдө. Анын алкагында Бишкектин Шевченко көчөсүндө курулуп жаткан 9-14 кабаттуу