Соң-Көлдөн 8000 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор табылды

Соң-Көлдөн 8000 метр мыйзамсыз балык уулоочу тор табылды

Соң-Көл көлүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында ири рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен маалымдашты.

Иш-чара Соң-Көл балык чарбасы мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун милиция кызматкерлери менен биргеликте уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө Соң-Көл көлү акваториясында мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор аныкталып, жалпы узундугу 8000 метрди түзгөн торлор суудан чыгарылды.

Расмий маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иштер көлдүн экологиялык абалын жакшыртууга, биологиялык ресурстарды коргоого жана мелиоративдик абалын калыбына келтирүүгө багытталган.

Учурда Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоочу шаймандарды тазалоо жана экологиялык абалды жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media
Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды. Бир кабы 360 сомдон берилип жатат. Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен

Ишкер Media
Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, бүгүн жаңы унаанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай электромобиль университетте биринчи жолу жасалды. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Учурда окуу жайдын

Ишкер Media