Жеңил өнөр жай тармагына 6,7 млрд сом инвестиция тартылды

Жеңил өнөр жай тармагына 6,7 млрд сом инвестиция тартылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоосунда акыркы эки жылда тармакка 6,7 миллиард сом инвестиция тартылганын билдирди.

Анын айтымында, 2024–2025-жылдары "100 өнөр жай ишканасы" долбоорунун алкагында 23 жеңил өнөр жай ишканасы пайдаланууга берилген.

"Натыйжада 3971 жаңы жумуш орду түзүлдү. Жалпы инвестициялардын көлөмү 6,7 миллиард сомго жетти", — деп белгилеген Адылбек Касымалиев.

Өкмөт башчысы жеңил өнөр жай өлкөнүн экономикасында маанилүү орунду ээлеп, өндүрүштү өнүктүрүүгө, экспортту көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө олуттуу салым кошуп жатканын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Ат-Башыда аба чубалгылары жаңыланууда

Нарын электр тармактар ишканасына караштуу Ат-Башы райондук электр тармактар ишканасында 2026-жылга карата бекитилгеноңдоо иштеринин алкагында электр тармактарын жаңылоо жана кубаттуулукту жогорулатуу багытында бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Нарын электр тармактар ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, район аймагындагы эскирген жыгач электр мамыларын темир-бетон мамыларга алмаштыруу, аба чубалгыларын жаңылоо

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" ишканасына 46 миң сом айып салынды

"Бишкек жылуулук энерго" муниципалдык ишканасына кологиялык талаптарды бузганы үчүн 2 протокол түзүлүп, 46 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы ишканага тиешелүү 6 автоунаанын экологиялык талаптарга шайкештигин текшерген.

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Чаткалдагы Ыдырыс-Ата зыярат жайы жаңыланат

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ыдырыс-Ата тарыхый-маданий зыярат жайын өнүктүрүү боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Долбоор Жаңы-Базар айылында жайгашкан тарыхый-маданий мурасты сактоого, Ыдырыс-Ата күмбөзүнүн аймагын көрктөндүрүүгө жана зыяратчылар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Анын

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абадда ымыркайлардын ооруларынын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад облусунда энелердин жана ымыркайлардын ден соолугун коргоо, тубаса оорулардын алдын алуу жана аларды эрте аныктоо маселелери талкууланган жыйын өттү. Бул тууралуу аймактык өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жыйынга облус башчысы Тилек Текебаев, облус башчысынын орун басарлары жана Саламаттык сактоо министрлигинин аймактагы координатору Өмүрбек Махамаджунус уулу, медицина тармагы боюнча