Жерге-Талда 28,8 млн сомдук спорт зал салынууда

Жерге-Талда 28,8 млн сомдук спорт зал салынууда

Кербен шаарына караштуу Жерге-Тал айылында заманбап спорт залдын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун тендердик баасы 28 миллион 856 миң сомду түзөт. Анын 26 миллион 170 миң сому Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, калган бөлүгү жергиликтүү бийлик жана айыл тургундарынын колдоосу менен камсыздалууда.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жаштарды спортко тартуу, сергек жашоо образын жайылтуу жана аймактардагы социалдык инфраструктураны өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Белгиленгендей, жаңы спорттук жайдын пайдаланууга берилиши менен айыл жашоочулары үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны  көбөйтүү сунушталууда

Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда

Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды. Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй: * Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,

Ишкер Media
Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо маселеси талкууланды

Экономика жана коммерция министрлигинде 20-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын, мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдады. Жолугушууга министрдин орун басары Султан Ахматов жана ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев катышты. Анда талкууланган негизги маселелер төмөнкүлөр болду: • Жеңил өнөр жай продукциясын экспорттоо; • Жүк ташуудагы тоскоолдуктар жана

Ишкер Media
Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткенде көмүрдүн бир кабы 360 сомдон сатылууда

Баткен шаарына калкты жеткиликтүү баада көмүр менен камсыз кылуу максатында арзандатылган көмүрдүн кезектеги партиясы жеткирилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, учурда көмүр Кызыл-Жол жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыктарында сатыкка чыгарылды. Бир кабы 360 сомдон берилип жатат. Мэрия бул демилге кыш мезгилинде элди арзан көмүр менен

Ишкер Media
Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абадда студент окуу жай үчүн электромобиль жасады

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти Алихан Кимсанбаев окуу жай үчүн электромобиль жасап, бүгүн жаңы унаанын бет ачары өттү. Бул тууралуу Илим министрлиги кабарлады. Билдирүүгө караганда, мындай электромобиль университетте биринчи жолу жасалды. Алгач ал долбоор даярдап, университет жетекчилигине сунуштаган. Колдоо таап, каражат бөлүнгөндөн кийин ишке киришкен. Учурда окуу жайдын

Ишкер Media