Ар бир окуучу 14 сомдук тамак жесе, кийинки жыдан тарта 40 сомго жогорулайт

Ар бир окуучу 14 сомдук тамак жесе, кийинки жыдан тарта 40 сомго жогорулайт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулаган кезектеги аппараттык жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы Президенттин Жарлыгы менен Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыковду Президенттин атайын тапшырмалар боюнча атайын өкүлү кылып дайындоо жөнүндө маалымат берди.

Талкуунун негизги темасы лицензиялык-уруксат берүү тутумун реформалоо, тактап айтканда, таксиге лицензия алуунун жаңы электрондук процессин ишке киргизүү болду. Айдоочулар азыр кагаз иштеринен толугу менен бошотулуп, атайын мобилдик тиркемелерди колдонуу менен жөнөкөйлөштүрүлгөн жол менен уруксат ала алышат.

"Биз мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана ачык-айкын санариптик чөйрөнү түздүк. Эми биздин максат ар бир айдоочуга жол-жобосун, анын ичинде медициналык жана техникалык кароодон өтүүдөгү милдеттүү талаптарды жеткирүү. Ошол эле учурда жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына так эскертишибиз керек: үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан баштап тиешелүү лицензиясы жок такси айдаган айдоочулар мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартылат", - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Жыйында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануу сапатына көңүл бурулду. Анализ көрсөткөндөй, бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндөгү азыркы норма балдардын толук жана тең салмактуу тамактануусу менен камсыз кылуу үчүн жетишсиз.

Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен стандарт кескин жогорулап, 2027-жылдын 1-январынан тарта бир окуучу үчүн күнүнө 40 сомго чейин көтөрүлөрүн билдирди.

"Балдарыбыздын ден соолугу мамлекеттин абсолюттук приоритети болуп саналат. Каржылоону үч эсеге жакын көбөйтүү өлкөнүн ар бир мектебинде тамак-аштын сапатын реалдуу, сезилерлик жакшыртууга алып келиши керек. Биздин милдет - келечек муундар үчүн бул маанилүү чечимдин кемчиликсиз жана өз убагында аткарылышын камсыз кылуу", - деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасы.

Бул маселе боюнча МинКаб Төрагасы Финансы министрлигине 2027-жылга республикалык бюджетти пландаштырууда зарыл болгон финансылык каражаттардын бөлүнүшүн камсыз кылууну жана бардык даярдык процедураларын алдын ала жүргүзүүнү тапшырды. Ошону менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлигине, Агартуу министрлиги менен бирдикте калориялуулугун, тамак-аштык баалуулугун, жаш өзгөчөлүгүн эске алуу менен мектеп окуучулары үчүн жаңы, тең салмактуу менюну иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына 2027-жылдын 1-январынан тарта жаңыланган менюну үзгүлтүксүз ишке киргизүү үчүн муниципалдык ченемдик укуктук актыларды каржылоонун жаңы стандарттарына тез арада шайкеш келтирүү тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

Саламаттык сактоо министри ТМУ өлкөлөрүнө бирдиктүү фарм-платформа түзүүнү сунуштады

2-октябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун Саламаттык сактоо министрлеринин 6-жолугушуусу өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын делегациялары, ошондой эле ТМУнун Башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүдө негизги басым саламаттык

Ишкер Media
Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Өлкөнүн генпрокурору Казанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун жыйынына катышты

Кыргызстандын башкы прокурору Малик Бектурганов Татарстандын Казань шаарында 1-октябрда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн генпрокурорлорунун 24-жыйынына катышты. Генпрокуратурадан билдиргендей жыйын үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, ошондой эле жашы жете электер арасында деструктивдүү контенттин жайылышынын алдын алууга багытталган. Малик Бектурганов Кыргызстандын прокуратура органдарынын балдардын укугун санариптештирүү шарттарында коргоо, жашы жете электердин интернеттен

Ишкер Media
Мугалимдер үчүн 6000  ноутбук

Мугалимдер үчүн 6000 ноутбук

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин демилгеси менен мугалимдерге арналган 6000 даана “Алтын Казык” ноутбугун чогултуу иштери аяктады. Азыркы учурда аларды кабыл алуу алдында техникалык талаптарга шайкештигин текшерүү иштери жүрүп жатат. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, ноутбуктар Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технопаркында чогултулду. Учурда министрликтин атайын кабыл алуу комиссиясы тарабынан ноутбуктардын техникалык мүнөздөмөлөрү,

Ишкер Media
Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти арзан баада саткан дүкөн ачылды

Кант шаарында этти жеткиликтүү баада саткан муниципалдык дүкөн ачылды. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынынан маалымдашты. Учурда дүкөндө эттин баасы - 1 килограммы 750–760 сомдон сатылууда. Билдирүүгө караганда дүкөн - Кант шаары, Ленин көчөсү 51/1 дарегинде, «Ысык-Ата» соода үйүнүн имаратында жайгашкан. Мындай муниципалдык эт дүкөндөрүн Чүй облусунун башка

Ишкер Media