“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

“Кыргыз спутниктин” аты “Кыргыз асман” деп өзгөртүлдү

Министрлер Кабинети “Кыргыз спутник” ачык акционердик коомунун аталышын өзгөртүп, аны “Кыргыз асман” деп атоо чечимин кабыл алды.

Президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн айтымына караганда, компания 2026-жылдын февраль айында түзүлүп, Кыргызстандагы космостук технологияларды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик оператор катары иш алып баруусу пландалган. 

Анын негизги милдеттерине спутниктик сүрөттөрдү иштетүү, айыл чарба жерлерине мониторинг жүргүзүү, климаттык өзгөрүүлөрдү көзөмөлдөө, суу ресурстарын башкаруу жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу кирет.

Жаңы токтомго ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдар компанияны жаңы аталыш менен кайра каттоодон өткөрүшөт.

Белгилей кетсек, “Кыргыз асмандын” акциялары толугу менен мамлекетке таандык.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкектеги ири жол курулуштарынын жүрүшү текшерилди

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев курулушу жана реконструкциясы жүрүп жаткан бир катар жол объектилерин кыдырып, долбоорлордун аткарылышы жана мөөнөтүнө таасир эткен көйгөйлөр менен жеринен таанышты. Мэриянын маалыматына ылайык, мэр Дүйшеев көчөсүнүн Чыңгыз Айтматов проспектисинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки тилкесинде болду. Бул жерде узундугу 1,1 чакырымды түзгөн жаңы жол жана

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Ысык-Көлдө мыйзамсыз курулган 30 объект аныкталды

Бишкек экологиялык прокуратурасы Ысык-Көл районунда экологиялык мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Чолпон-Ата шаарындагы жана Бостери айылындагы туристтик эс алуу жайларында мыйзам бузууларды аныктады. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Ысык-Көл райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тазалоочу курулмалардын санитардык-коргоо зонасынын ичинде курулуш жүргүзүүгө мыйзамсыз

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

“Ала-Тоо Резорт” долбоору инвесторлорго тааныштырылды

13-июлда Бишкекте “Ала-Тоо Резорт” долбоору потенциалдуу инвесторлорго тааныштырылды. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Жолугушууга "Ала-Тоо Резорт" ААКсынын жетекчилиги, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин өкүлдөрү жана инвесторлор катышты. Жолугушууда төрт мезгилде тең иштей турган курорттук шаарчанын курулушу жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берилди.

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга