Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

Батумиде шайлоодогу маалыматтык коопсуздук маселелери каралууда

17–18-июнь күндөрү Грузиянын Батуми шаарында шайлоону башкаруу органдарынын жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн шайлоо органдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын адистери катышууда. Кыргызстандан БШКнын басма сөз катчысы Наргиза Мансурова-Ябута жана эл аралык кызматташтык жана шайлоо процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн адиси Үмүт Исакова катышып жатышат.

Жыйындын жүрүшүндө шайлоо мезгилиндеги жалган маалыматтын жайылышы, социалдык тармактардын коомдук пикирге тийгизген таасири, шайлоо ишинде жасалма интеллектти колдонуу, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жана жарандардын шайлоо институттарына болгон ишенимин чыңдоо маселелери талкууланууда.

Форумдун жалган маалыматты саясий чакырык катары кароого арналган экинчи сессиясында БШК өкүлдөрү шайлоо учурунда жалган жана такталбаган маалыматтарга каршы аракеттенүү боюнча Кыргызстандын тажрыйбасын сунушташты.

Баяндамада санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшү шартында коомчулуктун шайлоого болгон ишенимин сактоо, манипуляциялык контентке каршы алдын алуу чараларын күчөтүү жана жасалма интеллектти колдонууга байланышкан тобокелдиктерди азайтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Форумду Грузиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясы (A-WEB) менен биргеликте уюштурууда. Иш-чарага Европа, Азия, Африка, Түндүк жана Латын Америкасынын шайлоо органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышууда.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык алакалар талкууланды

20-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен маалымдады. Билдирүүгө караганда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык,  маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү жана парламенттер аралык алакаларды кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Төрага Маматалиев Түркия менен калыптанган кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп, алакаларды

Ишкер Media
Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткендеги кампаларда 215 тонна көмүрдүн запасы бар

Баткен районунда калкты көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында 19 көмүр сатуу түйүнү уюштурулду. Бул тууралуу райондук администрациядан билдирди. Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө көмүрдүн килограммы 9–10 сомдон сатылууда. Ал эми калктын керектөөсүн камсыздоо үчүн кампаларда жалпы 215 тонна көмүрдүн запасы бар. Мекеме учурда район аймагында көмүр тартыштыгы жоктугун

Ишкер Media
Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media