Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

Нарында саркынды суу тазалоо жайынын курулушу башталды

“Нарын шаарында таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын ишке ашыруу” долбоорунун II фазасынын алкагында жаңы саркынды суу тазалоо жайынын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Нарын шаары үчүн өзгөчө маанилүү санитардык-экологиялык мыкты шарт түзүүчү обьектинин курулушун баштоо салтанатына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэри Жылдызбек Беккелдиев, Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сироко, Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын аймактык директору Айтен Рустамова, Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын инфраструктураны каржылоо бөлүмүнүн башчысы Дагмар Фогель жана жергиликтүү тургундар катышышты.

Шаардагы 20 миң адамга эсептелген заманбап үлгүдөгү агынды суу тазалоо жайы саркынды сууну 3 этап механикалык, биологиялык жана химиялык тазалоодон өткөрүп, шаардын чыгыш жана батыш бөлүгүнөн жаңы 3 миңдей абонент кошулууда. 

Аталган долбоордун II фазасынын алкагында Нарын шаарынын Чыгыш аймагына 6, Батыш аймагына 6 жалпы 12 чакырым канализация тутуму тартылды.

Мындан тышкары окуңуз

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Чек арачылар мушташып, бирөөсүнүн жаагы сынды

Мамлекеттик чек ара кызматы 13-июлда маалымат таратып, келишимдик негизде кызмат өтөгөн эки чек арачынын ортосундагы жаңжал тууралуу маалымат берди. Маалыматка караганда, 9-июлда инженердик иштерди аткарып жаткан келишимдик негиздеги эки аскер кызматкеринин ортосунда өз ара түшүнбөстүктөн улам жаңжал чыккан. “Окуянын кесепетинен аскер кызматкери С.Т. денесинен жаракат алган. Жабырлануучуга

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Көк-Жайык жайлоосунда экологияны булгагандарга айып пул салынды

Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын тескөөчүлөрү тарабынан Жети-Өгүз районундагы Көк-Жайык жайлоосундагы экологиялык рейд учурунда турмуш-тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерлерге таштоо жана саркынды сууларды агызуу фактылары аныкталды.  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 6 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузган жарандарга карата жалпы суммасы 62

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунда Миң-Жар каналы курулууда

Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында жаңыдан курулуп жаткан Миң-Жар каналы райондогу сугат жерлердин аянтын кеңейтүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө багытталган маанилүү инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоордун негизги максаты – буга чейин сугат суу жетпеген, кунарсыз жана натыйжалуу пайдаланылбай

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте Васильевский тракт көчөсүн оңдоп-түзөө улантылууда

Бишкекте шаардын жол-транспорттук инфраструктурасын жаңылоо боюнча иш-чаралардын алкагында Васильевский тракт көчөсүн этап-этабы менен оңдоо уланууда.  Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, оңдоп-түзөө иштеринин биринчи этабы 23-26-июнда ийгиликтүү аяктады. Иштердин жүрүшүндө жалпы узундугу 8 километрди түзгөн жол тилкеси оңдолгон.  Экинчи этап 27-июндан 4-июлга чейин