Киреше салыгын жеңилдетүү демилгеси коомдук талкууга чыкты

Киреше салыгын жеңилдетүү демилгеси коомдук талкууга чыкты

"Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салыктык чегерүүлөрдүн суммасын эсептөө механизмдерине байланышкан акыркы өзгөртүүлөр 2001-жылдын декабрь айында киргизилген. Ошондон бери 25 жыл аралыгында бул ченемдер өзгөртүлгөн эмес.

Бул мезгил ичинде өлкөдө орточо эмгек акы 26 эсеге жогорулап, жарандардын жашоо тиричилигине байланышкан чыгымдар да кыйла өскөнү белгиленет. Ушуга байланыштуу мыйзам долбоорунда салыктык чегерүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү сунушталууда.

Демилгечилер мисал катары үй-бүлөнү көрсөтүшкөн: "Айлык маянасы 50 миң сом болгон кызматкердин жубайы жана үч баласы бар. Учурда мындай кызматкер айына киреше салыгы катары орточо 4 895 сом төлөйт. Мыйзам кабыл алынса бул сумма болжол менен 2 миң сомго чейин төмөндөп, үй-бүлө ай сайын 3 миң сомго жакын үнөмдөөгө жетишет".

Дүйнөлүк тажрыйбада салыктык чегерүү жарандарга салык салынуучу кирешенин көлөмүн азайтууга же мурда төлөнгөн киреше салыгынын бир бөлүгүн кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берери айтылат.

Мыйзам долбоору боюнча толук маалымат Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылган.

Мындан тышкары окуңуз

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Медер Абакиров Черногориянын туризм министри менен жолугушту

Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Черногориянын туризм министри, БУУнун Туризм боюнча Европа комиссиясынын төрайымы Симонида Кордич менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы кыргыз-черногориялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Анын ичинде өз ара туристтик алмашуу, түз аба каттамдарын көбөйтүүнү жана жарандардын өз

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Жумгалда уруксат документтери жок иштеген кафе буздурулууда

Нарын облусунун Жумгал районунда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун боюнда уруксат документтери жок иштеп келген коомдук тамактануу жайы буздурулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Нарын региондук башкармалыгы тарабынан жол боюндагы тейлөө объектилерин мыйзамсыз жайгаштырууга жол бербөө максатында

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжайда 7 чакырымдык Охна сайынын нугу тазаланып жатат

Кадамжай районунун Бостон, Жоо-Кесек, Кара-Кечүү жана Учкун айылдарында Охна сайынын нугу тазаланып жатат. Бул тууралуу аймактык жетекчиликтин басма сөз кызматы билдирди. Жалпы узундугу 7000 метр болгон сайдын нугунан чогулган ылай, таштанды жана агымга тоскоол болгон башка нерселер тазаланып, суу өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулатылып жатат. Маалыматка ылайык, тазалоо иштери сел

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.