Кыргызстан менен Жапония кен байлыктарды изилдөө жаатында кызматташат

Кыргызстан менен Жапония кен байлыктарды изилдөө жаатында кызматташат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Жапониянын JOGMEC мамлекеттик корпорациясынын төрагасы Шинжи Тарутоко жана Жапон-Кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Министрлик билдиргендей, жолугушууда Кыргызстандын минералдык-сырьёлук ресурстары жана эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.

Акыл Токтобаев өлкөнүн кен байлыктарын изилдөө жана пайдалануу жаатында жапон уюмдары жана компаниялары менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле JOGMEC менен геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер казынасын экологиялык талаптарды сактоо менен пайдалануу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Өз кезегинде жапон тарап Кыргызстанды жер казынасын пайдалануу тармагындагы келечектүү өнөктөш катары карап жатканын белгилеп, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media