Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдагы окуу жайда лекция окуду

Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургдагы окуу жайда лекция окуду

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Орусияга болгон жумуш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде студенттер жана окутуучулар үчүн мейман лекция окуду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

"Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү" темасына арналган лекциянын жүрүшүндө өкмөт башчысы эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди.

Адылбек Касымалиев бул окуу жай анын кесиптик калыптануусунда өзгөчө орун ээлерин белгилеп, дал ушул университетте алган билими экономикалык процесстерди жана мамлекеттик башкаруунун маанисин түшүнүүгө өбөлгө болгонун айтты.

Лекциянын соңунда ал студенттерге кайрылып, алардын келечекте кабыл ала турган чечимдери мамлекеттердин өнүгүүсүнө, экономиканын натыйжалуулугуна жана жарандардын бакубат жашоосуна түздөн-түз таасир этерин белгиледи.

Иш-чаранын алдында Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин Ардактуу доктору наамы ыйгарылып, ал университеттин жетекчилигине жана Окумуштуулар кеңешине көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, Адылбек Касымалиев аталган университетти 1984-жылы экономист адистиги боюнча аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media