Кожентте Баткендин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү

Кожентте Баткендин инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлдү

Баткен облусунун делегациясы Тажикстандын Кожент шаарында өтүп жаткан XII эл аралык "Согди-2026" соода-инвестициялык жарманкесине катышып, аймактын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырууда. Иш-чарага 20 өлкөдөн 500дөн ашык инвестор, ишкер жана расмий өкүлдөр чогулду. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Кожент шаарында өтүп жаткан жарманкенин алкагында "Соода жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, кызматташтыктын келечеги" аталышындагы эл аралык форум уюштурулду.

Форумга Баткен облусу башчысынын орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Баткен районунун акими Данияр Иманалиев жана бир катар ишкерлер катышты.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, иш-чарада компаниялардын ишмердүүлүгү, инвестициялык долбоорлору жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү сунушталууда.

Иш-чара соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды

Ош облусунда Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка ылайык, УКМК ички иштер органдары менен биргеликте миграциялык мыйзам бузууларды аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында "Нелегал" аталышындагы рейддик иш-чараларды өткөргөн.

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы: Коомдук кеңеш институттун ишмердүүлүгүнө эксперттик колдоо көрсөтөт

Акыйкатчы институтунун демилгеси менен адам укуктары жана эркиндиктери боюнча коомдук кеңеш түзүлүп, анын алгачкы отуруму өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, отурумда адам укуктарын коргоо жана камсыз кылуу жаатындагы орчундуу маселелер талкууланып, коомдук кеңештин ишинин артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева коомдук кеңештин түзүлүшү институттун

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Кечээ Чолпон-Ата шаарында Коопсуздук кеңештин катчысы Адилет Орозбековдун төрагалыгы алдында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча жумушчу жыйын өттү. Президенттик администрациянын маалыматына ылайык, жыйын Президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен түзүлгөн Координациялык штабдын иш-чараларынын алкагында өткөрүлдү. Анда ички иштер, улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар, саламаттык сактоо жана

Кыргызстанда патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Кыргызстанда патент алуу жол-жобосун жөнөкөйлөштүрүү сунушталууда

Кыргызстанда патенттөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана өтүнмө ээлеринин административдик жүгүн азайтуу сунушталууда. Тиешелүү «Кыргыз Республикасынын “Патент мыйзамына” өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорду иштеп чыгуунун негизги максаты — интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, укуктук мониторингдин жүрүшүндө аныкталган боштуктарды жоюу жана улуттук патенттик системанын натыйжалуулугун жогорулатуу. Патенттик маалыматты кагаз