Кыргызстанда эс алуу жайларынын саны эки жылда 63,8%га өстү

Кыргызстанда эс алуу жайларынын саны эки жылда 63,8%га өстү

2024-жылдан бери Кыргызстанда туристтерди тейлөөчү жана коомдук тамактануу жайларынын саны кыйла өсүп, өлкөнүн меймандостук индустриясы кеңейди.

2ГИС картографиялык кызматынын маалыматына ылайык, соңку эки жылдагы өзгөрүүлөр меймандостук жана коомдук тамактануу тармагындагы сегиз негизги түркүм боюнча талданган. Алардын катарына коттеждер жана конок үйлөрү, эс алуу, тез татым жайлары, мейманканалар, кафелер, ресторандар, суши-барлар жана хостелдер кирген.

Өсүү көрсөткүчү боюнча "Эс алуу базалары" биринчи орунга чыккан. Эки жыл ичинде алардын саны 63,8%га көбөйүп, 2024-жылдагы 260 объект болсо, 2026-жылы 426 объектке жеткен.

Мейманканалар да олуттуу өсүш көрсөткөн. Бул тармактагы объекттердин саны 46,2%га өсүп, 628ден 918ге чейин жеткен. Ал эми коттеждерди жана конок үйлөрүн ижарага берүү жаатында өсүш 39,8%ды түзгөн.

Коомдук тамактануу жайларынын ичинен эң жогорку өсүш тез татым жайларында байкалган. Алардын саны эки жыл ичинде 38,3%га көбөйүп, 1 миң 675тен 2 миң 317ге жеткен.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads, Х жана YouTube каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты. Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан. Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду

Ишкер Media
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтык маселелери талкууланды

Айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча Коллегия мүчөсү Гоар Барсегян менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн аталган министрликтен билдирди. Билдирүүгө ылайык, анда ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, өнөр жай жана агроөнөр жай комплекстерин өнүктүрүү, ошондой эле өндүрүштүк кооперацияны чыңдоо маселелери

Ишкер Media
Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Караколдогу мектеп-интернат 477 млн сомго оңдолууда

Каракол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-интернатты капиталдык оңдоо иштери дээрлик аяктады. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады. Маалыматка ылайык, оңдоо иштерин министрликке караштуу "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, анын сметалык наркы 477 миллион сомду түзөт. Иштин алкагында имараттын сырткы көрүнүшү жаңыланып, инженердик тармактары толугу менен

Ишкер Media
Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткенде калкка 2,4 миң тонна көмүр жеткирилди

Баткен шаарында күз-кыш мезгилине карата калкты көмүр менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата тургундарга 2 миң 400 тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу шаар мэриясы маалымдады. Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде шаар калкына жалпысынан 5 миң тонна көмүр керектелет. "Кыргызкөмүр" ишканасы алып келген

Ишкер Media